Сыйлап ал
Кучактагын эркелегин жыргап ал
Эсин болсо акыл насаат жыйнап ал
Өтүп кетет устун болбойт дүйнөгө
Атакенди көзү барда сыйлап ал
Ажал алса коё бербей ноктолоп
Бир күн келет жүрөк сокпой токтолот
Өкүнсөн да өкүрсөн баары бир
Ошол адам бул дуйнодо жок болот
Оройлонуп өйдө карап суйлобо
Жүзүн карап чылым соруп үйлөбө
Кыя албай жакшы көргөн аракты
Сенин атаң жалгыз эмес дүйнөдө
Ичсе ичсин башкалардан кем эмес
Сенин сөзүн эч нерсеге тең эмес
Өзүңдү бил сен ал жолго барбагын
Ал кишини тыйып койчу сен эмес
Бут алдына гүлдү төшөп токтургон
Оозун чоюп кыйын кылып көптүргөн
Элге кошуп бийиктерге жеткирип
Бополотуп ошол киши өстүргөн
Бир да мүнөт чыкпай сенин оюнан
Жат