Акыя акыя.
Акый акый акыя.
Алыс бекен Казарман.
Жакын бекен Казарман.
Баарын талап кетиптир.
Ун таппадым базардан.
Ары жагымда велеспет.
Бери жагымда велеспет.
41 де да токтолбой.
Ойноп жүрөм элестет.
Булут каптап асманды.
Кайра жамгыр башталды.
Өнүгөбүз бир күнү.
Чыдагыла аз калды.
Үйдүн үстү шыйпырдан.
Дос көп болсун сый кылган.
Бу азыркы коомдо.
Катындар көп кыйкырган.
Төрт жарымга төрт жарым.
Тогуз болот турбайбы.
Бийлигиңде көбү эле.
Доңуз болот турбайбы.
Чырпык тиксең бак болот.
Момун адам сак болот.
Сабыр кылган адамдын.
Төбөсүнө бак конот.
Шамал айдайт булутту.
Доллар деген курутту.
Азыркынын көбү эле.
Милдеттерин унутту.
Кээде жигит ит минет.
Кээде жигит джип минет.
Ит го мингем а бирок.
Джип минемби ким билет.
Козу баксаң кой болот.
Аны сойсоң той болот.
Азыр күчтүү катындар.
Бир сөз айтсаң бой болот.
Шамал жүрсө дарактар.
Ары-бери термелет.
Максат коюп ынтылсаң.
Жетсең болот жөрмөлөп.
Келин деген керемет.
Туруш керек жемелеп.
Коюп койсоң эркине.
Эртең коет тебелеп.
Үйлөнөөрдө жигиттер.
Оңдоп калат тартибин.
Канча кызды жандаган.
Чукуп көрсөң архивин.
Оо Таирбек болду эми.
Токтосоңчу ардагым.
Макул анда, жазамын.
Кийинкиде калганын.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 27