Күйөө деген ким?
Күйөө деген — эки ирет чалганда жооп берип үлгүрбөсөң, "10 жолу чалсам албайсың, жооп бербегенден кийин андай телефонду ыргытып ийиш керек да!" деп нерв болгон адам;
Күйөө деген — дал бутунун үстүндө турган токко телефонун зарядка коюуудан зеригип, "телефонуму сайып койчу" деп сага буйрук берген адам;
Күйөө деген — өмүрүңдө гүл алып бербедиң деп таарынсаң: "Не кыласың гүлдү? Баары бир соолуп калат, мен өзүм сага гүлмүн",- деп оңой кутулган адам;
Күйөө деген —тамак бышкыча: "Качан бышат, качан бышат?" - деп кухняга жаныңа келе берип, тамак дайын болгондо: "азыр, азыр мына" деп залда жатып алган адам;
Күйөө деген — күнү бою каяка барууң керек экенин кайра-кайра эскерти