Китепте Караханиддер доорунан баштап учурга чейин, кыргыз элинин Аллах түшүнүгүнүн негизги өзгөчөлүктөрү каралат. Автор, кылымдарда калыптанган салттуу ислам түшүнүгүнүн айрым элементтери, өзгөчө, Совет доорунда пландуу жана максаттуу түрдө ашкере сынга алынып, коомду диний баалуулуктардан узактатканын, дин менен диний түшүнүктөр бир каралып, түшүнүктөр диндештирилип берилгенин белгилейт.
Эмгек дин таануучуларга, илимий кызматкерлерге, жогорку окуу жайлардын мугалимдерине, изилдөөчүлөргө, студенттерге, дегеле кыргыз элинин диний тарыхына, маданий мурастарына кызыккан жалпы эле китеп окурмандарга арналат.