Бир эже Чубак ажыны мындайча эскериптир;
Жолдошумдун бизнеси өнүгүп чөнтөгүнө акча толгондо үйгө келбей көп көчөлөп калды эле, анысына чыдабай ал үйгө келгенден баштап кулак мээсин жеп күндө уруш жаңжал чыгарам, биздин уруштан балдарыбыз безилдеп өзүбүз ажырашканга даярданып калган элек, жолдошума өчөшүп мен да көчөлөп ичип баштагам, биздин жаңжалды уккан кошунам мени Чубак ажынын сабагына алып барып келүүнү сунуштады эле макул болбодум, бир жумадан соң келип көгөрүп отуруп алганынан айласыз макул болуп бардым, менин жүрөгүмдү өйүгөн суроолорго жооп берип жатты, ал суроолорду кошунам жазып бергенби же башкаларда да меникиндей проблемабы, кыскасы мен суроо берип жооп алгандай болуп жаттым,