Энелүү жашоо эр жашоо
Энесиз жашоо көр жашоо
Эркиндикти жыргалды
Энелерге бер жашоо.
Энелүү өмүр күн өмүр
Энесиз өмүр түн өмүр
Эненин көөнү балада
Энени сүйүп сүр өмүр.
Энелүү турмуш зор турмуш
Энесиз турмуш кор турмуш
Энеге таазим кылбасаң
Эч качан болбойт жол турмуш!
Энеден ашкан бакыт жок
Энеден баалуу жакут жок
Эне нан тамак май чайың
Энесиз каймак курут жок.
ЭНЕҢ жок үйдүн жыты жок
ЭНЕҢ жок үйдүн КУТУ жок
Энесиз нан да даамсыз
Энесиз жармаң тузу жок!
Энесиз күндүн табы жок
Энесиз түндүн таңы жок
Энесиз супсак айланаң
Энесиз үйдүн шаңы жок!
Эне менен баласын
Эч качан бөлбө арасын
Эне бала бир жүрөк
Эриш аркак жашасын.
Энени бала сыйласын
Эч качан капа кылбасын
Эне бала эзилип
Ээн эркин ырдап жыргасын.
Эненин алгын батасын
Элдин да алгын батасын
Элирбей тыңша угуп жүр
Эненин акыл насаатын!
Энени сыйла ар дайым
Ээн баштык ишке барбагын
Эрксизден таштабасынчы
Энелер дагы балдарын!
Энесин бала жандасын
Энеси мээрин арнасын
Эч күнөө жок наристе
Эрте жетим калбасын!
Эненин акта ак сүтүн
Эненин макта алп күчүн
Эркелеп жүрөм десең сен
Энени сакта аны үчүн!
Энчилеп берген белеке
Энеде ырыс береке
Энени ойлоп сыйлап жүр
Элдерге болбой келеке!
Эненин болбой тилеги
Ээн башка акыл киреби
"Энеңди"...деген эмне эссиздер
Эненин баркын билеби!!!?.
Энесин сөккөн оңбосун
Эгерим эки болбосун
Эси жоктордон эрке өскөн
ЭЭ КУДАЙ өзү колдосун!
Эненин кылган эмгегин
Энчилеп сага бергенин
Эсиңден таакыр чыгарба
Эзилип сен деп жүргөнүн!
Эненин баркын билели
Энелер жашоо тиреги
Эт жүрөк менен эзиле
Энени сыйлап жүрөлү !
Эненин "АПА"аты улук
Эненин аппак чачы улук
Энесин эстебегендер
Эстери каткан "МАКУЛУК"
АР КУНУ ЭСТЕП ТУРАЛЫ ТУУГАНДАР ЭНЕЛЕРДИ ЭЖЕЛЕРДИ КАРЫНДАШТАРДЫ КЫЗДАРДЫ
БАКТЫЛУУ БОЛУНУЗДАР.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев