· Эгер сиз ооруп жатсаңыз, соо адамга эмес, сизден да оор дартка чалдыккан адамга караңыз! · Эгер сиз аксап жатсаңыз, соо адамга эмес, баса албаган адамга караңыз! · Эгер сиздин көзүңүз начарласа, сокурларга караңыз! · Эгер сиз жарым жетим болуп чонойсоңуз, томолой жетимдер жөнүндө ойлоңуз! · Эгер сиз автоунааңызды жактырбай нааразы болсоңуз, автоунаага жетпей жүргөндөрдүкараңыз! · Эгер сиз кичинекей үйдө жашаганыңызга нааразы болсоңуз, хансарайлууларды эмес, үйсүздөрдү ойлоңуз! · Эгер сиз байлыгымаз деп нааразы болсоңуз, ач калгандарга, айласыздан кайырчылык кылгандарды караңыз! · Эгер сиздин төрөтүңүз оор болсо,же кыйналып төрөдүм десеңиз, балалуу боло албай жүргөндөрдү караңыз! · Эгер сиз жумуштан чарчасаңыз, сиздикинен да оор жумушта иштегендерди ойлоңуз! · Өтүп кеткен жаштыкка кайгырып жатасызбы? Өзүңдөн улууларга, карыларга караңыз! · Көп ийгиликтерге жетише албай калдым десеңиз, бир да ийгиликке жете электерге караңыз! Айланаңызды караңыз, ойлонуңуз! Ошондо гана Аллахтын берген көптөгөн жакшылыктарына күбө болосуз! Аллахтын бергендерин баалаганды жана ошолорду бергени үчүн ыраазычылык билдиргенди, шүгүр кылганды үйрөнүңүз!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев