Асан тан эрте туруп,кечээ кундон да бугун ден соолугу начарлаганын сезип, терезеге жакын келип ойго батты...-" Ээх жараткан берген ар бир кунуно жан дуйном кыйналса да ыраазымын. Ал эми алты саны аман туруп сага нааразы болгондор коп эледир.?Адамдар, ээй адамдар колунарда бар турган нерсеге шугур кылгыла, тобоо кылгыла. Байлык эмес, ыйманды тилегле! Бийлик эмес ден соолукту сурагыла!Колунда жок болсо да,мээнде болгону жакшы,баардык нерсени оз убагында баалай бил, ата-эне кадырын баркта"...
Терээн дем алды да оордуна жылып келип жатты. Кирпик какпай дале болсо ою чар жайыт. " Бул ооруну да озум сатып алгам"-деп озун куноолоп, муштумун туйуп озун озу тошко каккылады да отконду эстеди..."Ал мезгилде байлыкка умтулган, кыздарды чуркаткан, колум ойнок жыйырма жашта элем. Атам куруп берген жумушум, айдаган унаам баары бар эле. Козум корбогон жер калбагандай жузо кыдырып жашоонун жыргалына батып гана журдум. Кунуго майрам,эсимден танганча эс алып журдум. Башында ичкилик ичип, чылым чеккеним болбосо, жумушумду убакыт сааты менен аткарчуумун. Кундор отуп жумушту такыр эле таштап, тунку конул ачуулардан кол бошобой калчу болду. Фирманын жумушу артка акырындан кете баштады. Дал ошол маалда атам катуу ооруп, каза болду. Эмнегедир журогум да мас болгонсуп эч оорубайт. Оюмдун баары ичкилик эле болуп калды. Байкуш апама эле убал болду. Атамдын козу откондон тартып, озун таштап, ойго батып,оорукчан болду. А менде энени ойлоо такыр журокто жок. Конуп калган адатымча ичкиликтин артындамын. Арадан кундор отуп адатымча достор менен эс алуудан чыгып келе жатып,жол кырсыгына учурадык. Эми минтип эки бутумдан ажырап, даары дармек менен жашап калаарымды билсем кана.? Алтыным апакем бут фирманы сатып мени ушул даражада кармап калды. Жанын берип мени жаратса, эми минтип олумдон сактап отурат. Олоорумо аз калганын билип турса да, сыр бербей козумо тике карап жылмайып коет. Жыйрма беш жылдан бери корбогон эне сулуулугун мен кургур эми коруп жатам. Колдорунун жылуулугун,жан дуйносунун улуулугун,сырдуулугун эми сезип келем.Ай,эне журогу ай. Мынча кенен, мынча мээримдуу экенин мурда билсем кана.? Аттин, кайран ошол кунду кайрысанчы.?"-деп козуно ысык жаш алды да, эки бутун карап чуркап жургонун эстеди -"Жараткандын кандай кана сулуу, кооз жерлерин бастым. Соз менен жеткируу кыйын. Ысык-Колдун бир толкунун коргум келет, кок шиберди бир аралап баскым келет, таманындан шуудурумдун суусунун сылаганын сезгим келет,асман тиреген аска-зооно жыланайлак эч токтобой,бутум жешилгенче чуркап чыккым келет. Эми баары кеч..."
Асан оордунан туруп болмодо турган атасынын суротуно козу тушту. -" Кагылайын ата сенин эмгегинди кеч тушунгонумду кечир, жаштыгыма салып кыйкырганымды кечир, апам экоондун баркынарга жетпедим. Билем, мен жыгылып колумду айнекке алдырып алганымда, журогун ооруп, колумдан ооп, тан атыра жанымда жаткансын. А мен,олгонунду билсем да эт журогум ыйлабаган. Мен ташбоордукту, азыркы абалымды,наркы дуйнодогу кутуп турган тозокту сатып алдым."
Асан козун жумуп, коз жашын аарчып,кыйнала дем алып жатып калды...
01.06.2017 ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев