саясатчы лидер катары таанымал Өмүрбек Текебаев тууралуу ар бир мекендеш билсе керек. Айрымдары легенда катары көрөт.
Айла жок азырынча “пророссийский” же “прозападный” саясатчы гана Кыргызстандын президенти боло алат деген түшүнүк күч болуп турат.
Убакыт өткөндө өзүбуздүн гана саясатчы мыкты экенин эл түшүнүп калат.
Кандай болгон күндө дагы Өмүрбек Текебаев чындыктын, акыйкаттуулуктун үлгүсүн көрсөттү. Ырайымсыз, коррупциялашкан жана эң коркунучтуу ажыдаар бийлике салыштырмалуу эл күчтүү болоорун дагы далилдөөгө салымын кошту. Чындыкты айтып коюш керек
Текебаев саясатчылардын арасында эң тазасы, эң күчтүүсү.
Текебаевдин ички дагы, сырткы дагы душмандары жетиштүү санда. Акаев, Бакиев жана Атамбаев заманындагы орто жана жогорку кызматта иштеген коррупционерлер, жумушундагы шалаакылыгы үчүн Текебаевден тепки жегендер улам душмандар армиясын толуктап келе жатат.
Элдин бактысы болсо накта кыргыз саясатчы эл башына келип караңгыда жол таап чыгат деп тилек кылып туралы. Өмүрбек Текебаев тууралуу мактоонун баарын жазсак абдан көп.
Туулган күнүңүз менен куттуктайм Урматтуу Өмүрбек Чиркешович!!! Чың ден-соолук, ийгилик жана бакубат жашоо каалайм!!!


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев