АК-ТАЛААЛЫК УЛУУ МУУН МЕНЕН КИЧҮҮ МУУНДУН ОРТОСУНДАГЫ ТАРЫХЫЙ ЖОЛУГУУШУ БОЛДУ.
Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 90 жылдыгына карата Бишкек шаарында марафон болуп өттү. Аталаган иш-чарага Ак-Талаа районунун азыркы учурдагы визиттик карточкасы, тирүү тарыхы болгон аталарыбыз келип катышты. Районубуздун түптөлүшүнө, өнүгүшүнө зор салымын кошкон аталарыбыз, өз ишмердүүлүктөрүн айылдан башташкан. Азыркы күндө бүтүндөй республикабыздын эли кадырлаган инсандар болуп олтурушат. Кечеки иш-чарада дагы төрүбүздүн көркү болуп, акыл-кеңештерин айтышып, ак баталарын беришти. Өз агасын агалай албаган башка бирөөнүн эшигин сагалайт дейт эмеспи, барбыздын башыбызды бириктирип бир дасторконго чакырган Ак-Т
БАРДЫК АК-ТАЛААЛЫКТАРДЫН БАШЫН БИРИКТИРГЕН ООЗ АЧААР
Ыйык Рамазан айынын урматына, Бишкек шаарында бардык Ак-Талаалыктардын башын бириктирген ооз ачаар болду. Ифтарга улуу-кичүү, кары-жаш дебей ага-эжелерибиз, ини-карындаштарыбыздын баары келишип, бир дастарконго олтурушуп ооз ачышыты. Бул ай-сабырдуулуктун айы. Сабырдын акыбети бейиш. Бул ай-соопчулук, жардамдашуу жана теңдиктин айы. Кимде-ким бул айда бир орозо кармаган адамдын оозун ачса, бул кылган жакшылыгы үчүн күнөөлөрү кечирилип, тозок отунан кутулат. Ошондой эле орозо кармаган адам сыяктуу сооп табат. Ошол соопторго ээ болобуз деп салым кошкон ар бир Ак-Талаалык жердештерибизге терең ыраазычылык билдиребиз. Кылган садакаңыздарды А
“МЫКТЫЛАРДЫН ИЙГИЛИГИ АРТЫЛАТ. ЭМГЕГИНЕН БААР ТАПКАН ДАҢТАЛАТ”
Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмү уюштурган “Мыктылардын ийгилиги артылат. Эмгегинен баар тапкан даңталат” аттуу иш-чара болуп өттү. Майрамдык кече 2017-2018-окуу жылында район боюнча олимпиададан, спорттон ж.б коомдук иш-чаралардан ийгилик жараткан окуучуларды сыйлоо аземи болду. Бул кеченин өзгөчөлүгү мыкты окуучулар менен биргеликте ата-энеси, мугалими болуп чогуу кызыл клемден басышып барыбызды толкундантты. Андан соң чакан концерттик программа менен коштолду. Кеченин экинчи бөлүгүндө “Жылдын мыкты мугалими-2018” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Аталган иш-чараны чекеден карап турбай, “Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмес
“БИРИМДИК КУБОГУ” МЫКТЫ ДЕҢГЭЭЛДЕ ӨТТҮ
Бишек шаарында, Ак-Талаа районунун ынтымагын, биримдигин бекемдөө максатында уюштурулган кичи футбол боюнча “Биримдик кубогу” мыкты деңгээлде өттү. Жалпы район боюнча 32 команда катышты. Жыйынтыгында: Бейшеналиев командасы 4-орунга, Терек командасы 3-орунга, Тайлак командасы 2-орунга ээ болушту. Ал эми “Биримдик кубогунун” чемпиону Кош-Дөбө командасы болду. Бул оюндун өзгөчөлүгү “Мыкты команда” болуп атайын айылдан борбордук мечиттин жамаатынан куралган, Ак-Талаа районун имам хатиби башында турган “Ыйман” командасы табылды. “Мыкты коргоочу” Максат Келгенбаев (1984 командасы), “Мыкты дарбазачы” Ринат Абдиев (Тайлак командасы), “Мыкты оюнчу” Залкар Алиев