Ойлонуп тойбос алкым, ыплас жерин,
Сатасың балдарыңдын келечегин.
Келечекти келтирип көз алдыңа,
Ордуна өзүңдү коюп элестегин.
Дообуш саттың, ал демек өзүңдү саттың,
Ал тургай намыс, мекенди кошо саттың.
Акча алдың алкымыңа алданып,
Эй адам андан башка эмне таптың?...
Сатсаң сен акчага өз укугуңду,
Кордогонуң ата мурас тукумуңду.
Саткында намыс болбойт, улут болбойт,
Акыры жок кыласың улутуңду.
Соодагер отурат бийликте, ойлон аны!
Акча десе жанын сатат, билсе дагы.
Ишенбе элим соодагердин созүнө,
Дүйнөм калды- деп жүгүрөт, чыкса да жаны.
Соодагер ойлонбойт мекен келечегин,
Жана да ата салтын элиндегин.
Ошондуктан саткан жана сата берет,
Алтын- күмүш, бейиш жерин,жериңдегин.
Ошондуктан ач көзүң элим менин!
Коркунучта өз мекениң, эли- жериң.
Дообуш сатсаң, келечегиң сатканың,
Ойлонгун балдарыңдын келечегин!!!.....
Ойлосоң келечекте оңолушуңду,
Кыргызым сатпагын өз дообушуңду.
Мекен - деп, өз тагдырын курман кылган,
Жапаров Садырга бер чын дооушуңду!...
Автор; Абдугулов.Н.Н.
15.09.2020.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев