СҮЙҮҮМ МЕНИН.!
Жаркыраган кундун нуру
козду уялта тийип
турганын эске албаганда, кун
кечээкиден бир аз суук эле. Шашып
эле мектепти коздой чуркадым.
Анткени саат 9дан отуп калган эле.
Бешенеме биздин класста окуган
кыздар текшеруудо турган экен,
эптеп алардын шаштын алып
класска кирууго шашылдым. Жаны
жылга тактап айтканда 20 кун калган
эле. Кирсем эле класс жетекчибиз
окуучулар менен жаны жылдык
кечени уюштуруп жаткан экен,
кечиккениме анча деле маани
бербеди окшойт айтор, сен ушул эле
жерде болосунбу деги деп калды
эжеке.
- Ооба албетте, ушул жерде
классаташтарым менен акыркы
жолу чогуу отуралы деп койдум
(жылмая)
... Шашылып жатканымдан
телефонумду уйдо унутуп коюп келе
бериптирмин, сабак
МСС ЖЕ ЖӨН ГАНА СҮЙДҮМ»
Мен сени сүйөм.
– Канча кызга айттың экен муну?
– Көп эле кызга айтсам керек. Бирок чын дилимден биринчи жолу сага айтып жатам.
Боору катып күлгөн быйтыкча келди. Күлүп алганыңды көз алдыма элестетип кеттим. Күлкүң да сонун. Мүнөзүң да сонун. Айтор, сенин сонун эмес жериң жок сыяктуу. Биринчи жолу сени менен Каракол шаарында тааныштым. Шашкалактап бир суроону берип, мен жооп бергенге үлгүрө электе эле башка жигиттен сурап жибердиң. Жиним келип туруп калдым. Ал сага орой жооп берип койгонун көрүп табалап турсам да кайра аяп кеттим.
– Мен журналистмин,- деп койдуң өзүңчө эле.
– Мен дагы,- дедим.
Укпай калдыңбы же маани бербедиңби үн катпадың. Анткени сенин мээңде а
«БУЛ ЖОЛУ КЕЧИКПЕ...»
Досумдун машинасында отурганым менен, көздөрүм тээ төмөндө шар аккан суунун жээгиндеги мажүрүм талды мергенчинин дүрмөтүндөй акмалайт.
– Дагы канча күтөбүз?
Элдияр күтүүдөн тажаган кишидей үн катты.
– Караңгы кирсин. Чыдай тур, досум!
Аны жооткотуп коюп кайра эле мажүрүм талды көздөрүм күзөттү. Эх! Ушул тапта шактары ийиле өскөн мажүрүм тал бир кездерди эске түшүрүп жатты...
Салима менден эки класс төмөн окучу. Таза, жакшы окуган, сулуу кызга айылдын жигиттери баарыбыз ашыкпыз. Бирок ал кыздын колун кармап, жагымдуу сөздөрүн угуу ал кезде жомоктой сезилчү. Чынында, Салима менен таанышып калам деп ойлогон да эмесмин. Бир күнү сабактан чыксам, ал үйүнө жалгыз бара