Көзүңдөгү жазууну билинбеген
Көргүм келип көп жолу бириндегем
Көксөөм күчөп турганын көрүп алып
Көзүң аста мыскылдап күлүңдөгөн
Күбө кылып жылдызды жыбыраган...
Кулагыӊа акырын шыбырагам
Көзүң мага сыр бербей турган менен
Көкүрөк туш жагың бир кыбыраган
Биз бурулсак булутка кире калып
Биз көз жумсак шыкаалап чыга калып
Аңдып бизди ай жүрдү ошол түнү
Ачыла элек баладай туталанып
Көз боёгон гүлзары, жашыл багы
Эстен кетпес жаштыктын ошол жазы
Ал жаз менен, мен менен жашайт дале
Көзүӊдөгү билинбес ошол жазуу
25.01.2017
Көзүңдөгү жазууну билинбеген
Көргүм келип көп жолу бириндегем
Көксөөм күчөп турганын көрүп алып
Көзүң аста мыскылдап күлүңдөгөн
Күбө кылып жылдызды жыбыраган...
Кулагыӊа акырын шыбырагам
Көзүң мага сыр бербей турган менен
Көкүрөк туш жагың бир кыбыраган
Биз бурулсак булутка кире калып
Биз көз жумсак шыкаалап чыга калып
Аңдып бизди ай жүрдү ошол түнү
Ачыла элек баладай туталанып
Көз боёгон гүлзары, жашыл багы
Эстен кетпес жаштыктын ошол жазы
Ал жаз менен, мен менен жашайт дале
Көзүӊдөгү билинбес ошол жазуу
25.01.2017