БИЗДИ ТАШТАП КЕТПЕ..
Мен бул окуяны окуп алып бир сыйра ыйлап алдым. Окугула достор!
Мен аны биринчи жолу көргөнүм эстен кетпейт. Жок, балким, мурун эле көрүп жүрсөм керек. Бирок бет келишип таанышканыбыз ушул. Жаңы жылдык майрамда баары шаңдуу, бактылуу болот эмеспи. Бирок кесиптешим Касым байке бул жерде отурганына кыжалат болгондой саатын тез-тез карап коюп жатканын байкадым.
– Кечирип койгула, мен жылайын,- деди бир кезде. Дал маңдайымда отурган эле, көздөрү көзүмө чагыла түштү. Терең, кайгылуу тиктеген көздөр көөдөнүмө тепчиле калды.
– Кайда, дос, бир аз отурсаң...
– Өзүңөр билесиңер да... Уулума...
Ушул сөздүн аркасында оор маселе жатканын менден башкасынын баары түшүндү окшойт.
ЗАКРОЙ ГЛАЗА ПРЕДСТАВЬ УЮТ, ПРЕДСТАВЬ ТО МЕСТО, ГДЕ ВСЕГДА ПОЙМУТ, ГДЕ НЕТУ ЗЛА И НЕТ ПЕЧАЛИ, ГДЕ ПО ТЕБЕ ВСЕГДА СКУЧАЮТ. ТЫ СКАЖЕШЬ НЕТ ТАКОГО МЕСТА.....НЕТ, ЕСТЬ - РОДИТЕЛЬСКОЕ СЕРДЦЕ!!!