Эх ошол кез.
Эх, ошол кез! Ошондогу айылда,
Эч ким илип олтурчу эмес эшигин.
Бөбөктөрдү коңшусуна дайындап,
Бөлөп коюп кете берчү бешигин.
Чака-челек мелт-калт толгон айран, сүт,
Чакырылбай келип турган коноктор.
Бүлүк түшкөн, күлүп түшкөн кайран кез,
Бүгүн менин балдарыма жомоктой.
Жакындатып туруучу эле баарысын,
Жапыз үйлөр, жапырылган тор зымдар.
Жакшы адамдар акысыз да, кайрымсыз,
Жардамдашып бири-бирине кол сунган.
Айыл жапырт чогулушчу түлөөгө,
Ала чуркап идиш-аяк, төшөгүн.
Келин алып, кыз узатса бирөөлөр,
Келип баары көркү чыкчу көчөнүн.
Мезгил өттү. Мерестикти үйрөндүк,
Мен да барбайм, эгерде ал чалбаса.
Басып бирөө алуучудай үйлөрдү,
Баарыбыз тең койдук темир дарбаза.
Эсеп-ч
БИР ТОКОЙГО БЕРБЕЙ ТУРГАН ДАРАК БАР.
.
08-июнь, 2019
Шайлообек Дүйшеев
.
Бир окуяны айтып бергим келип турат. Муну мага жакында жакшы санаалашыбыз Сайраш айтты. Кадимки эле маркум болуп кеткен таланттуу кыргыз акынынын бир тууган иниси, дин жолуна түшүп, сакал коюп, күндөрдүн биринде зыяратчылар менен Меккеге барып келгенин айтып берди дейт. “Барган жеримде мен дагы ак топу, ак көйнөк, ак дамбал кийген кишилерди туурап, чылгый акка оронуп, сыйынчу адамдардын агымына кошулуп кетип бараттым. Жердин бети жалаң аппак кийинген кишилерге толуп чыгып, айланабыздын баары эле аппак болуп кылкылдап калды. Бир маалда эле тээ алды жагыбыздан башына ак калпак, ак жибек жиптен жеңил оюу түшүрүлгөн ак кемс
ЖОЛОН МАМЫТОВ
* * *
Жашоонун тартам кайгы, шаттыктарын
чиркеген паровоздой эшелонун
күчөнүп.
Билбейм кайсыл станцияда, кай күнү
бул жүгүмдөн бошономун.
Тагдырдын сүйрөйм азап-тозокторун
каржалган өгүз өңдүү буурусундан.
Башыма түмөн ойду түйүп алып,
башкага бөлүп берип ырысымдан.
Сүйүү да оңой келбейт бул турмушта
чарчатат.
Көкшүн сууйт чаңкагандан.
Жүрөккө чагылгандын ташы тийип,
ой кыйрайт тамырынан балталанган.
Жок, бүтпөйт аны менен күрөш-кармаш,
сезимде миң кубулуп урат далбас
түрктөрдүн кылычындай иймейген ай,
монголдордун кылычындай илмейген каш.
...Жашоонун тартам кайгы, шаттыктарын
чиркеген паровоздой эшелонун
күчөнүп.
Билбейм, кайсыл станцияда,
кай күнү ал жүгүмдөн бошономун.
САГЫН АКМАТБЕКОВА
* * *
... Айдын нуру жылтыраган биз жолдо.
Аркабызда мен чоңойгон бир кыштак.
Өрттөй балким, өктөм болмок, курч болмок
Өссө балам сен торолгон кыртышта.
Тагдыр дешти. Тарттык өмүр далайын.
Талашып да, талдап кайра нетебиз.
Жарты болсо жалгызымдын таалайы
Жазыктуубуз бир гана сен экөөбүз.
Таппайм ойлоп, качан, кайдан көргөмүн?
Тааныш сымал көзүңүздүн оттору.
САГЫН АКМАТБЕКОВАНЫН КЕРЕМЕТ ПОЭЗИЯСЫНАН
БИР КИШИГЕ
.. Караны айтпай, калкып жааган кар дейсиз.
Калыңды айтпай кан чынар бир тал дейсиз.
Калган тунук канча кирден өтсө да
Кандай элсиз, касиеттүү кай жерсиз?
Таш доорунан Сиз да, Биз да жоктогу
Ташыйт суулар окторулуп, токтолуп.
Таппайм ойлоп, качан, кайдан көргөмүн?
Тааныш сымал көзүңүздүн оттору.
Билбейм дейсиз. Билбесеңиз билбеңиз.
Алды-артыбыз аңтарылган бир деңиз...
Буркан-шаркан жолдорунан турмуштун
Мурда-кийин бир жолугуп жүрбөңүз.
Таш чөйчөккө жылтыратып куясыз.
Таттуу дейсиз, ачуу шарап сунасыз.
Күлүңдөйсүз, кыскарталы жол дейсиз.
Күүгүмдөйсүз, бир ойлорго ту
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...
САЛИЖАН ЖИГИТОВДУН ШЕДЕВРЛЕРИНЕН
ЭЛЕГИЯ
Уйгу-туйгу шамалдуу күз түнүндө
Уктай албай кыйналам чоочун үйдө.
Теректери шуулдап шоокум салат
Терезеден калдайган тоо түбүндө.
Жалбырактар жабыла үн чыгарып,
Жаны тынбай күйүттүү күү чыгарып
Шуу-шуу этет качырып уйку кушун,
Шуу-шуу этет көңүлдүн тынчын алып.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң ыйлагым келет менин:
Өткөн күндүн өчүңкү элестери,
Өмүрүмдүн өкүттүү белестери.
Шуулдаба, терегим, теректерим,
Шуулдасаң, ыйлагым келет менин...
Тоо койнуна кысылган кыштагымда,
Там-ташы бар түзөңдүн төш жагында
Турар эле шуулдап миң түп терек
Тигип койгон атакем жаш чагында.
Оо, ме