Бир ата баласынан саат канча болду деп сурайт экен...
Баласы: - саат 5тен 7 мүнөт өттү деп жооп узатат.
Арадан 2-3 мүнөт өтпөй, атасы дагы сурайт: - саат канча болду?
Баласы жинденгенсип: саат 5тен 9 мүнөт өттү - деп жооп берет.
Андан соң арадан дагы 2-3 мүнөт өтпөй Атасын дагы сурайт.
Бала жини келип, үнүн катуу чыгарып: Ата! Мүнөт'сайын сурай бересиңби?! Айттым го, саат 5тен 9 мүнөт өттү - деп, бала ачууланат.
Ошондо Атасы айтат экен: Балам, билесиңби, сен кичинекей кезиңде, мени менен ушинтип ойночусуң. Саат канча болду - деп канча жолу сурасаң да, балам мени менен сүйлөшүп жатат деп, кубанып, эч тажабай жооп берчимин. Жөн эле жооп берип койбостон, сени жакшы көрүп, жылмайуу менен жооп берчимин. Канча сурооңо жооп берсем да, дагы суроо берсе экен деп күтчүмүн. Эми ал күндөр келбейт! А азыр, сени менен дагы ойногум келип, ошол күндөрдү эстеп, сага 3 суроо берсем эле, сени ачуулантты...
Атасы айткан сөздөрү баланын көздөрүнөн жаш чыккыча көкүрөгүн ушунчалык бурчалайт, жүрөк согушуу да өзгөрөт... Мындай мамилеси үчүн Атасынан бала кечирим сурай албады, бирок, кандай ката кетирбесин Ата баарын кечиргенге даяр! А баласы кечирим сурай албаса да, ошол күндөн баштап, ата-энеси кандай сөз айтпасын, бир сөздү канча жолу кайталабасын, биринчи жолу угуп жаткандай, түшүнүү менен угуп калат! Анткени Атанын сөзү октой тиет, жүрөгүндө так бойдон калып калат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3