Жарым сааттык тыныгуу бүтүп кайра беттеш башталды. Сагынга эмне дешкени белгисиз, Эржан аны тиктегенде баягыдай карабай тескерисинче жек көрүүгө толо көздөр менен өзүн карап, жанчып салууга даяр туруптур. Биринчи Сагын өттү чабуулга. Анын таамай соккулары Эржандан шуу, шуу деп өтүп жатты. Ушул азыр бир соккусу тийсе талкалап салчудай айбат менен мушташып жатат. Экөө жакын келип мушташа кеткенде Эржан Сагындын:
-Кечир! - деп жатканын укту.
-Кечир...мен уулум үчүн мажбурмун!
Эржан Сагынды түртүп жиберди. Артка кетенчиктеп барып кайра алдыга чуркап Эржанга чабуулга өттү. Эржан өзүн араң коргогонго үлгүрүп жатты.
-Салгылаш! Чап! Ур!
Сагын кыйкырып жатты.
-Сагын өзүңдү карма! Бул менен экөөбүз тең жеңишке жетпейбиз.
-Сени урганым жок! Мага өз өмүрүм, өз үй бүлөөм кымбат!
Эржан Сагынды учура тепти да өзү чабуулга өтүүгө даяр адамдай муштумдарын түйүп туруп калды. Шан үчүн, залга толо келген эл үчүн эң сонун беттеш болуп жатты. Эки тайманбас кыргыздын кыраандары акча үчүн түшкөн бул тузактын курмандыгына айланды. Экөө тең келечектүү, экөө тең аруу максаттар менен спортко кадам койбоду беле? Дүйнөгө кыргызды таанытчу дагы канча азаматтар мынтип туура жолдон адаштырган, кылмыш дүйнөгө кирип чалынды экен? Эки жигит, эки тарапта бири - бирине айбаат көргөзө бирок озунуп кол салууга даабай турушту. Бул экөөнөн тең не деген чемпиондор чыкмак? Аттиң...
Шандын сөздөрү улам кулагында жаңырып, Эржан да чабуулга өтө баштады. Сагын жанатан бери чыңалган абалда болгондуктан бат эле энтиге түштү. Октагондун ортосунда улам биринин үстүнө бири чыга калып былчылдата мушташып жаткан эки жигиттин, бирдей чарасыздыгын эч ким түшүнгөн жок. Эч ким булардын айласыз экенин, булар тамаша кылып жаткан кандуу беттеш өмүргө бааланганын түшүнүшпөйт эле. Өздөрүнүн гана эмес, үй бүлөөсүнүн, жакындарынын өмүрүнө бааланган беттеш.Кайра аларды сүрөп, коштоп жатышты. Узакка созулган эң кызуу беттеш болду. Башында экөө тең коркуп, аргасыз турушса, ушул мүнөттөрдө экөө да өз жашоосу үчүн күрөшүп жатышты. Эржан айланып туруп тепкен соккусу Сагындын мойнуна тийип жерге кулады. Үстүнө жете келген Эржан аны эки, үч жолу муштап жибергенге да үлгүрдү. Качан гана оозу мурдунан кан агып жаткан Сагын өзүн коргобой чалкалай жатып калганда токтоду Эржан.
-Уулумду сага тапшырамын! - деди жылмая кан болгон тиштерин көрсөтүп.
-Талкалааа?! ! - деген Шандын үнү чыкты зал тараптан.
-Кечир!
Эржан олтура калып Сагындын бутун кайрып туруп сындырып салды. Карс деген үнгө удаа эле "Аааааа?! " - деген Сагындын жан ооруткан кыйкырыгы залды каптады.
Кол чабуулар менен кошо алкыш, кыйкырыктар. .. Булардын баары азыр Эржанга маанисиз эле. Сагындын үстүнө жыгылып ыйлап жатты.
-Суранам кечир! Мен мажбур болдум!
Октагонго чыккан калыс менен кошо эки жигит араң Эржанды Сагындын үстүнөн сууруп алышты. Шан алдына келип сыймык, мактаныч менен Эржан тиктеп турду.
-Куттуктайм! Мен сага ишенгем! - деди колуна чакан дипломат карматып жатып.
-Бул үчүн жооп берчү күнүң келет! - деген Эржан колундагы дипломатты жулуп алды.
-Менин чемпионум!
Эми басып кетейин дегенде Шан Эржанды колдон тартып, бир колун жогору көтөрүп залга кыйкырды.
-Мен таптаган, мен ишенген жолборсум! Баарыңардын алдыңарда ага ыраазычылыгымды берейин деп жатам! - деп Эржандын колундагы дипломатты ачып октагонду айлана басып залга көрсөтүп жатты. Эржан кыжыры келе, муштумдары өзүнөн өзү түйүлүп Шанды булкуп жиберип басып кетти. Кийимдерин которуп жатканда бөлмөсүнө ичимдик көтөрүп Шан баш бакты.
-Калбайсыңбы сага арналган кечеге?
Эржан үнсүз кийине берди.
-Дааа! Укмуш беттеш көрсөттүңөр бирок.
-Шан, - деди Эржан акырын.
-Сенин жеңишке жетериңе ишенгем!
-Сагынды сактап кал суранам!
-Эмне?
-Тиги жеңилир калганы үчүн кандай жазаа алаары белгилүү, сактап кал.
-Ал биздин колдо эмес да. Казактардын өз эрежеси бар. Биз кийгилеше албайбыз.
-Анда сатып ал кайра!
-Акчаң барбы? - деген Шан колундагы ичимдикти көтөрүп ичип алды.
-Дагы төлөп берем!
-Койчу Эржан. Чымчыктай жаныңды баалай бербе. Сен ансыз деле мага өмүр бою карызсың да.
-Сагын тирүү калуусу керек.
-Тааак ... Мындай кылалы, мен Сагын үчүн жооп бере албайм. Бирок үй бүлөөсүнө тийбешин суранып көрөм.
-Шан!
-Болду, башка жардам күтпө! Эс алууга жки күн берем. Андан соң сени өзүбүздүн жайда күтөм, дайымкыдай.
Шан чыгып кетти.
.. ********
Түн жарымда кагылган эшик коңгуроосунан ойгонуп кеткен Айдеми эшик алдына келди.
-Ким бул?
-Мен Эржан.
-Аа, - деген кыз эшикти акырын ачты.
-Келиңиз? - деп келе жаткан Айдеми Эржандын кебетесин көрүп чоочуп кетти.
-Сизге эмне болду?
-Аа, жигитчиликте болуп турат, - деди Эржан кайдыгер кол шилтеп.
Ашканага алып кирип, даары салган кутусун ачып Эржандын жарылган жүзүндөгү жарааттарды тазалап жатты.
-Чолпон кандай?
-Ошол эле бойдон.
-Мен акча таап келдим.
Эржан күрмөсүнүн ичинен кагазга оролгон пачка акчаны стол үстүнө койду.
-Булар кайдан? - деген кыз акчаны көрүп бир эсе кубанса, кайра коркунуч каптап үнү дирилдеп чыкты.
-Коркпо банк тоногон жокмун.
Эржан жылмайды.
-Жок чын эле.
-Таап келдим, Чолпон үчүн.
Айдеми Эржанды аяп карап турду.
-Антип тиктебечи! Билем туура эмес жолго бардым, бирок силерге зыян тийбейт. Мындай кыска убакытта мынча сумма табуу да кыйын. Ал эми Чолпондо убакыт аз.
-Рахмат сизге.
-Качан кетесиңер эми?
-Эртеңден калбай сүйлөшөм.
-Макул мен кеттим, - деген Эржан ордунан туруп эшикти көздөй жөнөдү.
-Рахмат сизге дагы бир жолу.
Айдеми чын жүрөктөн айтты бул сөздү.
Так бир жумадан соң Айдеми, Чолпон жана Жайна болуп Индияга сапар алышты. Сүйлөшүлгөн боюнча ал жактагы клиника буларды аэропорттон тосуп алмай болушту. Бул убакытта, Чолпондун абалы дагы начарлай берди. Бир гана бөйрөк эмес, сайынып жүргөн баңги затынын кумары кармап бир топ оорлоду абалы.
******
Азат башы жарылчудай ооруганына чыдай албай көздөрүн араң ачып коркуп кетти. Анткени ал буттары менен жогоруга илинип башы төмөнгө салаңдап туруптур.
-Эээй ким бааар? - деп кыйкырып жиберди. Таштанды жарымы курулуп бүтө элек имартта экенин болжоду.
-Кыйкырба!
Ары тараптан колуна узун таяк көтөрүп капкара кийинген Эржан чыкты.
-Кимсиң сен?!
-Хмм менби? Тааныйсыңбы жокпу билбейм Эржанмын.
-Кайсы Эржан?
Азат башы төмөн карап турганга маңдайына келген жигитти жакшы көрө албай жатты. Анын үстүнө башынын ооруганы бир тең болуп. Кайдан бул жака келип калганын деле билбейт.
-Сага эмне керек? Бошот мени!
-Жок, бошото албайт экем.
-Анда эмне каалайсың айт?
-Азапталышыңды!
-Эмне?
-Жаның ооруп кыйналып өлүшүңдү каалайм!
-Дөөдүрөбөчү! Сен эмне оорлуусуңбу? - деп жатканда белине тийген катуу соккудан көзүнөн от чачырап кетти.
-Ааааааа! Коё бееер дейм!
-Ушунча эле алың бар беле?
Эржан дагы чаап жиберди.
-Сен кимсиң өзү бай болгур? Айтчы?! Неге мен бул жердемин?
-Күнөөлөрүңдүн, жасаган ыплас иштериңдин кайсы бири үчүн дейсиңби?
-Макул эмне болсо да кечирим сураймын. Алгач мени түшүр бул жерден. Кенен олтуруп сүйлөшөбүз. Каалаганыңды берем, - деп алдаганга өттү Азат.
-Жетишебиз кенен сүйлөшүүгө, каалаганымды да бересиң!
Эржан дагы чаап жиберди. Бул жолу асылып турган буттарына салды.
-Ааааа! Токтот дееейм!
-Эээ сени эркек дейт! Бул жерге алып келип кордогон кызыңдын жанынча да жаның жокпу? Ал сага караганда баатыр экен, төртөөңө туруштук берсе!
Эржан кайра кыжыры келе дагы чаап, чаап жиберди.
Оор онтоп асылып турган Азат эми гана сөз эмне жөнүндө болуп жатканын түшүндү.
-Чолпон! - деди энтигип.
-Туура!
-Ал өз каалоосу менен келген!
Азат жан талаша актанып жатты.
-Коркок! Жаны жок!
Эржан чарчап калгыча сабады Азатты. Көз алдына Чолпондун алсыз элеси тартыла берди. Бир убакта Азат эсин жоготуп койгондо токтоду.
Кайра эсине келген Азат столго байланып олтурган экен. Маңдайында Эржан.
-Ойгондуңбу?
-Коё берчи? Мен буйрукту гана аткаргам!
-Кимдин?
-Шан, - деди Азат.
Эржан дел болду. Кантип? Шанга эмне кереги бар эле?
-Кол кой, - деди Азаттын бир колун бошотуп ручка карматып жатып.
-Бул эмне?
-Сен бир кездери Чолпондон тартып алган анын дүйнөсү.
Азат кол койду. Ушул азыр эптеп эле жаны аман калса болду.
-Кайра колдорун артка байлап, оозуна скотч жабыштырган Эржан Азатты жаактан сылап койду.
-Жакшы кал. Көрөлүчү сени да издеп таап алып кетишер бекен?!
Азат кыйкыра албай тыбырчылаган бойдон кала берди. Оор жабылган эски имараттын эшигинен чыккан Эржандын азыр оюнда Шанга деген укмуш өч алуу жатты.
Уландысы бар.
Комментарии 2