Картайбаган айымдардын алтын эрежелери менен бөлүшөбүз.
Тамак сиңирүү органы мыкты иштөөсү абзел
Тамак сиңирүү органыңыз саат сыяктуу иштөөсү кажет. Ал үчүн биздин ден соолугубуз алгач тамактануудан көз каранды. Андыктан эмне жеп жатканыңызга көзөмөл киргизиңиз. Маселен: рационго көбүрөөк жашылча жана мөмө-жемиштерди кодонуңуз.
Таза абада көп жүрүңүз
Жумуштап бир орунда отура берүү туура эмес. Өзүңүзгө убакыт таап, таза абада сейилдөөгө көп чыгыңыз. Жаратылыш менен тыгыз мамиледе болуп, офисте отурганда бөлмөнү бат-баттан желдетип туруңуз.
Дени сак жандүйнөдө дени сак дене болот
Жаш бойдон калуунун бирден-бир себеби, терс эмоциялардан оолак болуңуз. Андыктан, терс эмоцияларды артка калтырыңыз.
Витаминдерди унутпаңыз
Өзгөчө кышкысын пайдалуу витаминдерди колдонгон алда канча натыйжалуу. Аны менен кошо кургатылган мөмө-жемиштерди дагы көп колдонуңуз.
Комментарии 1