“ Ким ислам жолунда жакшы бир улгулуу иш кылса, ал адамга сообу тийет. Андан кийинки ал ишти кылган адамдын да сообу жетет. Ошондой эле алардын сообу (ар биринин) кемибейт. Ал эми ким ислам жолунда жаман бир ишке улгу болсо, ал адамга куноосу жазылат. Андан кийинки ал (куноо) ишти кылган адамдын да (ага) куноосу жазылат. Ошондой эле алардын куноосунон (ар биринен) эч нерсе кемибейт”. (Муслим “Аз – зака” китеби, “Ассадака” болуму 705-704-2).
Мисалыга:
Жакшы улгулуу ишке:
1) Кимдир бироо экинчи бир адамга намаз окууну, орозо кармоону, садака берууну, чындыкты суйлоону, бир туугандарды зыярат кылууну, бироого жакшылык кылууну, жолдон жаман нерселерди алып салууну ж.б.у.с. нерселерди уйротууго себепкер болсо, ал экинчи адам дагы канча адамга уйротууго себепкер болсо мына ошолордун кылган сообтору биринчи уйроткон адамга да жетип турат. Кыскасы ким – кимге уйроткон болсо уйроткон адамга да сообу жетип турат.
Жаман ишке улгу болуу:
1) Кимдир бироо экинчи бироого уурулук кылганды, адам олтургонду, жалган суйлогонду, арак ичкенди, сигарет тартканды ж.б.у.с. уйротууго себепкер болсо, ал эми экинчи адам дагы канча адамдарга уйротууго себепкер болсо мына ошолордун кылган куноолорунун баардыгы биринчи уйроткан адамга жазылат. (Алардын оздоруно да). Кыскасы ким канча адамга уйротсо алар ошол куноо ишти омурундо канча жолу кылса (уйроткон адамга да ) ошончо жолу кылды деп жазылат.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 4