Кыздын актыгын, нике түнүнө чейин эч ким менен жыныстык мамилеге барбаганын бир гана кыздык белги далилдейт. Тилекке каршы, ал белгиден нике түнүнө чейин ажырап калган кыздар көп экенин редакциябызга келип түшкөн каттардан улам билсек болот. Окурмандардын кыздык белги тууралуу узаткан суроолоруна жооп издеп “Сити клиник” медициналык борборунун акушер-гинекологу Сайырова Айнура Муканбетовнага кайрылдык.
Сизди ойлондурган ден соолукка, юридикалык иштерге, сулуулукка, тиричиликке байланыштуу ар кандай суроолор болсо, 0 (558) 87 11 11 номерине чалып же SMS түрүндө билдирсеңиз болот.
Суроо: - Жигитим мени алам деп кыздык намысымдан ажыраткан соң таштап кетти. Айлам кетип жүргөндө колумду сурап келип калышты. Аларга “кыздыгым жок” деп айтмак белем. Интернеттен кыздыкты тиктирсе болорун окудум. Бул мүмкүнбү?
Жооп: - Кыздык белги чел кабык сыяктуу ичке парда болот. Биринчи жыныстык катнашта ал айрылып кан чыгат да, калдыктары жыныс кынында калат. Ошол чел кабыктын калдыктарын бири-бирине улаштырып тиктиришет. Дайыма катнашта болгондордун жыныс кыны кичине кеңейип калат. Аларга кыздык парданы бир эмес, 2-3 кат кылып тигүүгө туура келет. Эгер жигитиңиз менен 1-2 жолу гана болгон болсоңуз, сизге бир кат эле тигилет. Баасы жыныс кынынын көлөмүнө жана канча күнгө тиктиргенине жараша болот. Кыздык парданы көбүнчө кыска аралыкка, тагыраагы, 10 күнгө тиктиришет. Белгиленген 10 күнгө чейин турмушка чыгып нике түнү болбосо, кыздыкты тиккен жип өзүнөн-өзү жок болуп, жыныс кын баягы айрылган абалына келип калат. Андыктан нике түн кайсы күнү болорун так билген соң тиктиргениңиз оң.
Суроо: - Мен Москвада үч жылдан бери жигитим менен жашап келгем. Эки жолу боюмдан алдыргам. Эми ата-энем мени башка адамга “турмушка беребиз” деп жатышат. Менин абалымда кыздык тиктирүүгө болобу?
Жооп: - Биринчиден, бойдон алдыруу канчанчы жумаларында, кандай шартта жасалганын мен толук билбейм. Экинчиден, үч жылдан бери жыныстык жактан жуккан кандай инфекцияларды алып жүргөнүң да белгисиз. Мындай шартта сен кыздык тиктирип алган күндѳ да сырың ачылып калышы мүмкүн. Анткени күйөөң сага чейин бир да кыз менен болбой таза жүргѳн болсо, сен ага оору жуктурасың. Анан сенин кыз бойдон тийгениң күмөн болуп калат. Сен эми гинекологго барып жыныстык жол аркылуу жуккан ооруларың жокпу, такта. Болсо толук кандуу дарылан. Сенин абалыңда жыныс кыны кеңейип калгандыктан кыздык үч катмар болуп тигилет.
Суроо: - Эки ай мурун жигитим менен жыныстык катнашта болгом. Ал биринчим жана акыркысы болду. Бирок мен кыз чыккан жокмун. Ушундай да болушу мүмкүнбү?
Жооп: - Кыздардын 30 пайызында кыздык белги тубаса жок болот. Айрым кыздардын кыздык белгиси чоюлчаак болуп кечирээк айрылат. Эркектин жыныс мүчөсү кичине болгон учурда да кыздык парда нике түнүндө айрылбай кан чыкпай калышы мүмкүн. Өзүңүздү жебей гинекологго көрүнүп кыздыгыңыз бар же жогун аныктап алыңыз.
Суроо: - Интернеттен бир кыздын баянын окудум эле. Ал кыз кыздык тиктирип турмушка чыгыптыр. Нике түнүндө кыздыктын жиби эркектин жыныс мүчѳсүн тилип кетип бала кансырап калыптыр. Ушундан улам кыздыкты кандай жип менен тигерин билгим келет.
Жооп: - Учурда кыздык эркектин жыныс мүчөсүн кесмек түгүл, ага сезилбей турган ичке жип менен тигилет. Зордукталып, чын эле алданып калып тагдыры бузулган күнөѳсүз кыздарга: “Кошулгандан кийин төшөгүңдү карап кой. Жиптин түйүндүсү түшүп калат. Төшөккө түшпөсө, колуңду жыныс мүчөңө салып түйүлгөн жип илинсе акырын алып кой”, - деп эскертем. Ал эми кыздык тиктирип аларына ишенип жыныстык мамиледе жүрө бергендер келгенде: “Кыздыкты тиктирип жыныс кынынын оозун кооздоп койдуң. Ал эми ичи көңдөй бойдон калды. Балага кыздыгыңдан кантип айрылып калганыңды айтып түшүндүр. Жашооңду калп менен баштаба. Анда бактылуу боло албайсың”, - дейм. Негизи эркек никедеги аялына чейин башка кыздар менен жашап жүргөн тажрыйбалуу болсо, кыздыктын тигилгенин билип деле коёт.
Суроо: - Жашым 17де. Кызмын. Жигитим экөөбүз ич кийимдин сыртынан кумарлана берчүбүз. Ал спермасын сыртка түшүрчү. Ушул айдын башында айызым келиш керек эле, жок. Эми боюма бүтүп калдыбы деп коркуп жатам. Кийимдин сыртынан кошулса да бойго бүтүп калабы?
Жооп: - Жакшынакай атың бар жапжаш кыз экенсиң, бирок турмушка чыкпай жатып жыныстык мамилеге барганыңа баракелде. Жакында сеникиндей абалда мектеп окуучусу келди. Текшерсем кыздыгы бар, бирок төрт жумалык кош бойлуу экен. Кийим сыртынан деп айтылганы менен ал учурда баары бир кыздын жыныс мүчѳсүнѳ эркектин мүчөсү тиет. Мындан эч ким боюңа бүтпөйт деп кепилдик бербейт. Балким, кош бойлуусуң. Эртең “кош бойлуумун” десең, кумарланып жүргѳн жигитиң жолго таштап кетет. Мындай окуяларды күн сайын көрүп жүрөм. Учурдан пайдаланып башка кыздарга эскертем, эркек жакшы сөз айтса эле эрип алдына жатып калгандан алыс болуп, алакандай жериңерди сактагыла. Кызды чындап жактырган эркек кыздыгын алмак турсун, катуу кучактагандан тартынат. Жыныстык мамилеге барардан мурун келечегиңерди ойлогула. Азыр кыңыр иш кырк жылда эмес, кырк күндө эле билинип калат. Жолдошуң менен кыздыгыңды алган бала кийин жолугуп калса эмне болот деген ой менен жашагандан өткөн азап барбы. Жети өлчөп бир кескиле.
Суроо: - Мен бир ай мурун кыздыгымдан ажырап калдым. Эми башка балага турмушка чыгууга туура келип жатат. Апам дайыма эле: “Кичинеңде темирге алаң менен отуруп калгансың, ошондо кан чыккан. Кыздыгың бар болду бекен?” - деп кабатырлана берчү. Ушул шектенүүсүн шылтоо кылып апам менен барып текшерилсем, гинеколог кыздыгым бир ай мурун түшкөнүн билип айтып салып уят болбоймунбу? Негизи эле кыздык качан алынганы билинеби?
Жооп: - Бир ай мурун жыртылган кыздык менен көп жыл мурун жыртылган кыздыктын айырмасы болот. Андыктан апаңа болгонун болгондой айт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 10