Зарына жана кекирүүнү айыктыруу үчүн – зарына ашказандагы ашыкча кычкылдуулукту түшүндүрөт. Аны нейтралдаштырууда бир стакан сууга 0,5 чай кашык ичүүчү соданы кошуп, жакшы аралаштырып ичүү керек.
Фурункулду айыктыруу үчүн – жаранын оозуна сода себелеп, соданын үстүнө алоэ гүлүнүн кесимин койгон соң, чоң бинт менен бекем таңуу зарыл. Ал жерге суу тийгизбей, нымдаштырбай эки күн кармоо туура.
Тамандагы чорду кетирүү үчүн – тамандагы катып калган чорду айыктырууда, дагарага кайнак суу куюп, ага чени менен сода салып аралаштыргандан кийин, бутту 15 м аралашма сууга кармоо зарыл. Андан соң тамандагы чор жумшарып, тазалоого оңой болуп калат.
Күйүктү айыктыруу үчүн – 1 чоң кашык соданы 1 стакан сууга жакшылап аралаштырып, ага кебез тампонун малып, күйүктүн үстүнө басуу керек. Бул процедура күйүктөн пайда ыйлаакчаларды жок кылат.
Чачтагы какачты кетирүү үчүн – алгач чачты суулап алып, жеңил массаж жасагандан кийин, 1 чоң кашык соданы чачка жакшылап сүйкөп, 10-15м калтырган соң жылуу суу менен тазалап жууп салуу керек. Майлуу чачты жумасына 1 жолу, ал эми кургак чачты айына 1 же 2 жолу сүрткөнгө болот. Бул процедурадан соң чач кургай түшсө коркуунун кажети жок, себеби чач көнгөн соң кайра өз калыбына келет.
Тиштерди агартуу үчүн – тиш щетканы содага малып, тиштерди абайлап тазалоо керек. Бул ыкма 7-10 күндө бир жасалат. Болбосо тиштин эмалына залал келтирип алууңуз мүмкүн.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 23