Урматтуу Бууниса Сатиева! МЕН БҮГҮН УШУЛ ЫРДЫН ТОЛУК ВЕРСИЯСЫН КОММЕНТАРИЙЛЕРДИН БИРИНЕ ЖАЙГАШТЫРЫП АЛЫПМЫН. ФЗЫР БУЛ ЖЕРГЕ ФАЙЛ КАТАРЫ КЫПЧЫП КОЁ.Н ДЕП ЖАТАМ. СИЗДИ УВРМАТТАП, КАРЫБЕК БАЙБОСУНОВ
СИЗГЕ РАКМАТ, БУУНИСА АЙЫМ. Биз бала кезде согушка катышкан улуулардан угуп, согуш тууралуу кинолорду көрүп таасирленгенбиз. Ал эми бул "Арбактардан Осуят" деген ыртизмек 22-июнда пайда болду. Негизинен бул публицистикалык усулда жазылды: биздин "эрендер" ата-бабалар каны менен сугарып, сактап келген жерлерди сатышып, элдин эсебинин эсирип жатышпайбы. ошонун поэтикалык чакырык катары жанытмасы катары түшүнсо болот. Арбак менен ант уруп кетиши мүмкүн биздин "чоңдорду". Эскертүү ыры. БУЮРСА, ПРОЗАЛЫК ЧЫГАРМАЛАРЫМДАН ДА ЖАРЫЯЛАП ТУРАМ ГО.
Комментарии 7
Арбактардан Осуят.
Аппак талаа. Аппак булут. Аппак жол.
Жол боюнда тизилишкен солдаттар.
Жылмайышат, сылап кара мурутту,
Бизди карап, ак периште арбактар.
“Кайткан жокпуз кара кыргын чабуулдан,
Биз эмеспиз жоодон качып, алдастаар!
Болсо дагы ажал төккөн алаамат,
Кандай коркок четтей качып жан сактаар?
Жашасын деп, калтырганбыз силерди,
Тирүүлүктө эстеп
бизди ардактаар”...
Ак булуттай, ак каркыра сыяктуу
Карап турат эр күлүстөн аталар!
Алар менен чогуу тилеп Жеңишти,
Жанын үрөп, аябаган алп күчүн
Ак жоолукчан биздин каарман апалар.
“Күлгүн кезде аттанганбыз майда
...ЕщёАрбактардан Осуят.
Аппак талаа. Аппак булут. Аппак жол.
Жол боюнда тизилишкен солдаттар.
Жылмайышат, сылап кара мурутту,
Бизди карап, ак периште арбактар.
“Кайткан жокпуз кара кыргын чабуулдан,
Биз эмеспиз жоодон качып, алдастаар!
Болсо дагы ажал төккөн алаамат,
Кандай коркок четтей качып жан сактаар?
Жашасын деп, калтырганбыз силерди,
Тирүүлүктө эстеп
бизди ардактаар”...
Ак булуттай, ак каркыра сыяктуу
Карап турат эр күлүстөн аталар!
Алар менен чогуу тилеп Жеңишти,
Жанын үрөп, аябаган алп күчүн
Ак жоолукчан биздин каарман апалар.
“Күлгүн кезде аттанганбыз майданга,
Барган жокпуз оюн-күлкү, сайранга!
Намыс үчүн, тынчтык үчүн, эл үчүн,
Жолго чыктык, жүрөк толо арманга.
Ырыс-кешик, сүйүү менен коштошуп,
Сыйынчубуз бир күн тирүү калганга!
Барса дагы катарыбыз суюлуп,
Уйку көрбөй, күндөп-түндөп жан үрөп,
Умтулганбыз Жеңиш Туусун сайганга!
Тажаал душман, катаал турмуш бир келип,
Биз тандалдык, кайраттанып, иргелип.
Силер үчүн өмүрүбүз кыйылган,
Улансын деп жашоо-турмуш, тирденип.
Биздин деле жашагыбыз келгендир,
Ким кааласын кырчын кезде өлүмдү?
Бизден собол ар бириңе тик карап:
-
Сактадыңбы
мекениңди, жериңди?
Барктадыңбы асыл кыргыз элиңди?
Укум жерди кошунага сатпастан,
Тебелетпей Каркырадай төрүңдү?
Колдо турган ырыскыны кармабай,
Неге сенден далай жерлер бөлүндү?
Кыясыңбы келечекте
залимге -
Ыйык Ошту, мөлтүр Ысык-Көлүңдү?
Эй кыргыздар, намыс болсо эмнеге,
Сактай албай бүтүндүгүн өлкөңдүн,
Карматасың бөлүп-бөлүп ар кимге,
Ойлобостон Ала-Тооңдун эртеңин!
Биз өлбөйбүз, тирүүбүз, эй урпактар!
Бүлүнсөңөр тукумуңду ким сактаар?
Биримдикте,
ынтымакта, өнөөрсүң,
Коргой алсаң мекениңди бапестеп,
Бул жашоонун жакшылыгын көрөөрсүң.
Бөлүп-жарып мекениңди жоготсоң,
Түбөлүккө өлүк сууга төнөөрсүң!
Жашагыла, гүлдөгүлө, көбөйүп,
Тукум улап, наристелер төрөлүп,
“Өмүр шамы өчпөсүн” деп аздектеп,
Биз кеткенбиз, өрт-жалынга бөлөнүп!
Бийик кармап, көтөргүлө Желекти,
Ыйык сактап ар бир дайра, белести!
Мурас кылып, силер үчүн калтырдык
Өмүр деген, Мекен деген белекти!
...Аппак талаа. Аппак булут. Аппак жол.
Жол боюнда тизилишкен солдаттар.
Муңайышат, кош дей албай кылчайып,
Бизди карап, ак периште арбактар.
Карыбек Байбосунов.
22-июнь, 2019.
Сиз кайсы бир ырдын таасиринде жазган эмессизби же согуш тааласында болгонсузбу