Жашоо турмуш кээ бир адамдарга күндөгүдөй эле көрүнүштө өтүп жаткан сыяктуу сезилген менен, бирок табигый жаратылыштын ичинде көп, өтө сырдуу,ары кандуу кагылуушу канча жылдар күч алып жүрүп жаткан. Канча убакыт өтсө да токтобогон, бул жаратылыштын койнундагы согушка алып келген ошол кек, ошол окуялар.... Албетте адам баласына да кээ бирде терс таасирин тийгизбей койгон жок. Өзүнө -өзү сөз берип, бүтүн адам баласы менен бирге, көк жалдардын тукумун түп тамыры менен жоготууну каалаган Кара Көлөкө токтогон жок. Канча кан төксө да, ичиндеги боштондук толбой,жаны тынч алып,жай таппайт.
Акыркы катуу кагылуушуда баарын тындым кылгысы келген Кара Көлөкөнүн тилеги оңунан чыга канча бей күнөө адам баласына кол салып канчасынын жанын кыйган. Көэүнө эч нерсе көрүнбөй бир гана канды эңсеп калган учурунда далайлардын жанын алып, далай жолу сүйүктүүсүнүн тытынды көйнөгүн кармай,түнү менен ичиндеги толбой жаткан боштондукту кантип толуктаарын билбей, жанында ээрчитип жүрчүү сүйүктүүсүн сагына канча ирет ыйлап чыкпады.
Сүйүүнүн керемети ушунда, азабы да ушунда... заматта гүлдөй жигитти жексурун,кан ичкич,жырткыч Кара караанга айлантып салды да калды. Анын далай таза сүйүүсүн,аппак ниетин, жашоого болгон үмүтүн таш каптыргандардын баарынан өчүн алып бүткөн сыяктуу, терең дем алып ала, канчалагандардын канына колун жууган неме адатынча бүгүн да дайыма келчүү ошол жайына келе отура кеткен.
Ар дайым келип сүйгөнүнүн каны жаткан кара жер менен сүйлөшө, андан кечирим сурайт, ага баардык болуп өткөн, башынан кечирген күндөрүн баяндап берет. Мына бүгүн да дал ушул абалда отурган жайы.
— Салам сүйүктүүм! Мен дагы келдим сүйүктүүм. Бирок сен үмүт кылган жан эмес,алдыңда такыр башка өзгөргөн,колдору канга боёлгон жырткыч бирөөмүн.
Мени мындай көрүштү каалабас элең билем... Сендей таза, апакай жан, эгер тирүү болгонуңда мени мындай абалда көрүүгө чыдабас элең. Мейли эле урушсаң деле, чыдаар элем. Көздөрүңдү, жүзүңдү көрүүгө бүтүн дүйнөмдү алмашмын... Мынтип ааламда бир өзүм жалгыз темселеп дербиш болуп калам деп ойлобопмун.
Көкүрөгү өрт болуп күйүп, көзүнөн жашы тамчылай кетти.
— Мен өлбөдүм дале сүйүктүүм... Кудайдын каргышы ушулбу?... Мен дале жашап жатам, дале тирүүнүн өлүгү болуп жашоом уланууда. Мынакей кара? Абалымды карасаңчы, кимге керегим бар сенден башка? Эч кимге! Мен жалгызмын! Түбөлүк жалгызмын! Мен көк жал агаңды өз колдорум менен жанын алдым, анын жубайын дагы, бирок ичимдеги кек, өч өчпөй жатат...
— Кантип айтчы? Кантип өчүрөм мынча кекти?... Ойлогонмун баарын тындым кылсам, баарын артыңдан аркы сапарга жөнөтсөм, ичимдеги боштук толот, жок дегенде бир аз жеңилдейм деп ойлогом. Бирок андай болбой жатат.
Башын шылкыйта жерге чөгөлөй көпкө отурду. Ичиндеги күйүтүн кантип чыгарууну билбей, көкүрөгүн өэү муштап- муштап алды.
Адатынча тытылган чүпүрөктү колуна ороп, жыттап- жыттап алды. Кудум эле анда сулуусунун жыты өмүр бою сиңип калгандай, көзүн жума искеп- искеп, бир саамга отура кетти. Өзү менен өзү сүйлөшүүнү адатка айланткан.
Бир кездеги эң бактылуу жетелеген сулуусунун колдору экөө баскан таза жолдор азыр канга боёлгон.
Тек гана бакыт издеп сулууну сүйгөн жүрөгү күнөөлүү беле? Канчалаган сыноого түтүүсү мүмкүн эле. Жада калса өзүн өлгөнчө кыйнашса да мейли эле. Тек гана сүйүктүүсүн коргой албай калганына өмүр бою өзүн күнөөлөөчү болду.
Сулуусунун кубарган каны жок жүзүн карап алып, —Мейли сен канча адамдарды коркууга салсаң деле, бирок сенин жүрөгүң таза, балким алар муну билишпейт деп колунан аяр кармап өөп койгон элеси көз алдынан кетпей дале сакталуу калып кеткен тура.
Азыр да ошол абалда калып, азыр да ошол абалда ыйлап жаткан. Азыр муштумдай жүрөктө кымынчалык мээримдүүлүк калбай калган. Баарына аздап -аздап кол салып жүрүп, бөрүлөрдүн турган айылын да чаң -тополоң, ызы -чуусун салып отуруп ал жерден да из жашырып көбү жок болгон.
Тып тыйпылын чыгардым деген менен, бир гана Айдын жана кайран бөрүнүн досу, ошол мергенчинин эки чүрпөсү менен, кол алдындагы кызматчысы кайда из жашырып жок болгонун эч кимиси биле албай калды.
Арадан далай жылдар өттү. Айдындын чоң атасынын накыл насааты менен мергенчи Айдынды өзүнүн,атасынын урпагына жөнөтсө,коопсуздуктарын ойлой Мирена менен агасын эч ким таба алгыс, такыр башка калаага жөнөтүүгө аргасыз болду . Изинен калбай ээрчиген Кара көлөкө булар үчүн эң бир коркунучтуу душманына айланган. Баарынан да балдардын коопсуздугу керек...
Мына! Кара Көлөкө өмүр бою аларды издөө менен күн өткөрүп, канча жыл өтсө да изи аркылуу издей жүрүп, ошондогу эки тирүү калган Наристелер ушул шаарда тураарын билген соң келген кара көлөкө дале өч алып бүтпөй, канга тойбой жаткан сыяктуу...
Бир гана өзүн сүйгөнүнүн жанынан тек гана бактылуу болууга умтулган өзүн көрчүү. Андай көздөр, арсыз дүйнөнү миң айланса да кайра көрө алган жок. Бир гана анын көзүнөн өзүн мээримдүү кылып көрө алчуу. Бирок андан бери далай жылдар өттү эмеспи. Баары бир деле жүрөгүндөгү кара так качан гана жер бетине алардын тукуму курут болуп жок болгончо өчпөшүн,өзү да жакшы билет .
Бирок кантсе да, ушул калаа оюн өзгөртүп жаткандай,сезиле түштү. Кыз өзү тууралуу, бүт өмүрүнүн тарыхын эмнелерди башынан т
өткөргөнүн билишин каалап турду.
Эмнеге, экенин өзү да билбейт. Ички туюму балким ушундайча актайын деп жаткан чыгаар?... Миренанын жанын алууга эмес, кызга баарын ачык көрсөтүүгө ашыгып жатты. Андан да тиги кара көк жал бөрүнүн айбаттулугуна таң берип алды.
Азыркы заман башка эмеспи. Азыркы заман бүт нерсенин өнүккөн заманы. Ага удаа эле адамдар да өнүккөн. Кара көлөкө далайлардын түбүнө жетсе да, кайра Кудай атайын жасап жаткандай, адам баласы көбөйгөндөн көбөйүп, техника, адамдын ой жүгүртүүсү башкача калыптанып өздөрүнө салыштырмалуу алда канча акылдуу болушкан менен бирге эле ошончо канкор, жырткыч эа болуп барышат.
Кээ бир адам баласы жасаган оор кылмыш, иштердин алдында, Кара Көлөкөнүн кылган иштери кээде суу кечпей калгандай сезилет.
Акырындык менен өздөрү тууралуу да, көк жал бөрүлөр тууралуу да адам баласына, ушул заманда байкалса, анда эле иштин бүткөнү ошол сыяктуудай. Сыртынан тынч жаткан шаар болгону менен, ичинде далай -далай кандуу окуялар байма -бай болуп тураарын алыстан дайым байкап, дайым көрөт.
Айдынды көргөн сайын көз алдына өзү жанын алган көк жал бөрү, Айдындын атасы элес болуп тартыла түшөт. Өмүрү эч нерседен тайманып, эч нерседен коркпогон кара көлөкөнүн көңүлүн бурган Айдын да оңой эмес экенине көзү жетип турду.
*** ***
— Бул ошол, бул менин урпагым, уулумдан калган жалгызым.
Карыя жаш жигитке жакындай басып келип, маңдайына тура калды. Ээгинде чокчо сакалы бар, көздөрү ичкери кирип, бою бир аз пасыраак келген карыяны таң кала тиктеген жигит ордунда катып турду.
— Жакшы келдиңизби? Макул жүрүңүз үйгө, баарын баштан сүйлөшөлү.
Жанатан байкап турган киши, карыяны акырын ийинден таптай алды көздөй үйгө кадам шилтеди. Артынан баары ээрчий жөнөштү. Айдындан көзүн албаган карыя көз алдына душманы менен кармашта көз жумган баласын келтирип алды.
Жаш күчкө толуп турган жигиттин көзү да, өң келбет түзүлүшү, бүткүл өзүнүн атасына окшош экени, карыя жанатан жигитти көргөндө эле байкаган. Өкүнүчтүү өмүр өкүт. Аттиң өз баласынын кандай бойго жеткенин көрбөй кетти.
Көзүнүн кычыгынан куюлуп түшкөн жашты акырын гана аарчып алган карыяны байкаган мергенчи Айдынга кайрылды.
— Айдын уулум силер сырттагы жумушуңарды бүтүрсөңөр карындашыңарды ойнотуп жүрө тургула ээ??
Сыртта өзүнчө ойноп жаткан кичинекей Меринаны көрсөтүп койду киши.
— Макул сиз айткандай болсун.
Ордунан дароо туруп кеткен эки жигит сыртка чыгыша, секелек карындашынын жанына отура кетишти.
— Кызык булар ким экен ээ? Байкадыңбы сени такыр башкача карашты?
Айдынга караган жигит таң кала суроолорду берип жиберди.
— Өзүм да билбейм.
Айдын ооз учунан анткен менен, өзү да таң калып, ичинен тиги карыяны ойлонуп, алар отурган боз чатырдын эшиги тарапты карап алды.
— Досуңдун айтканын эки кылбай уулун чоңойтупсун. Сага ыраазычылыгым чексиз. Бирок бүгүн аны алып кетишибиз керек, сен билесин да ал өз жакындары менен бирге болуусу зарыл. Бул сөздөр эч кандай кайра талкууга түшүүсүн каалабайм.Сен мени түшүнөсүң деп ойлойм!
Жаш жигиттер сыртка чыгаары менен дароо сөздү кабыргасынан койо салды.
— Жок мен мындай кыла албасам керек ! Досума берген антты толугу менен аткарып бүтө элекмин. Албетте сиздин сөз туура, бирок досум көзү тирүү болсо, кайтып келгенче! -деген менен карыя буга көнө койчудай эмес.
— Тилекке каршы досуңду жакында жерге бердик. Ал күчтүү душманы менен кармашта каза болуптур. Аны сыйлап уулун ушунча эрезеге жеткиргениң үчүн ыраазымын, бирок Айдындын атасы да ушул нерсени каалаган болоор эле.
— Жоок - жоок мен бул сөздөргө ишене албайм. Ал мага тирүү кайтып келем деп сөз берген. Жок ал өлгөн убакта да Айдын мага өз уулумдай, демек өзүм чоңойтом.
Карыянын азыркы сөзүнө оңой менен ишенгиси келбеген киши сунушту четке какты. Ал оңой менен Айдынды берип койгусу келбеди. Карыя да муну ички туюмунда сезип турган.
— Мейли мага ишенүү, ишенбес өз эркиң бирок ойлоп көрчү мен өз баламдын өлүмү тууралуу эмнеге сага жалган айтмак элем. Эгер Айдынды алып кетпесем бир эле анын эмес, өзүңдүн, балким бүткүл калааңдын, өмүрү коркунучта калуусу мүмкүн. Кандай ойлойсун атасынан өч алууну көздөгөн кара көлөкө баласын аяп койот дейсинби? Уулум туура иш кылбаса да, ал жалгыз карындашына жеңил, оңой өлүм каалады. Анткени биздин мыйзам такыр башка экенин жакшы билесин сен да. Эгер азыр Айдынды алып, бул жактардан баш алып кетпесем мага да, менин бүткүл калкымдын өмүрүнө да,жада калса сенин үй бүлөөңөда коркунуч бар. Сен өзүң жакшы билесин, Айдын дагы бир аз бойго жетсе анын канындагы, денесиндеги өзгөрүүлөр кандай болоорун. Жөн гана жырткычка айлана албайт, ал өзүнө- өзү баш бере албай калуусун, канча кыйналуусун сезип турасын го
. Ал Бул жерде ага калууга мүмкүн эмес экенин бирок билип туруп да акылсыздык кыла көрбө. Ошондой өзгөрүү убакта, анын өзүнө окшогондору, тукуму, мен өзүм жанында болуум керек. Ал үйрөнүү керек. Жашоонун жол жобосун, бөрүлөрдүн мыйзамын билүү керек. Бул жерде жалгыз жүрсө аны бат эле таап алаары турган кеп. Өз курчоосунда, өз үйүрүндө болуусу жакшы. Анын орду тоо таштын, бийик, калың токойлордун арасы.
Анан да өз балдарыңдын келечегин ойлосоңчу. Ким кепилдик бере алат, эртең коркунучтуу душман сенин эшигиңди какпашына???
Карыя аркы жакта там туң басып ойноп жүргөн кишинин эрке кызы менен баласын карап алды. Канчалык бергиси келбесе да, карыянын сөзү кишининин денесине суу сепкендей калтыратып жиберди. Ооба өзүнүн жанынан эмес балдарынын жанынан корккон кишинин көз алдына коркунучтуу душман элестей түштү. Кызы менен баласын бир саамга карай,анан Айдынга карап алды.
— Туура деди ичинен.
Айдын бул жерде калса,коркунуч көбүрөөк болот. Жалгыз бөрү жашап кетээрине ишеним аз. Туугандары,өз үйүрү менен топ болуп,бирге болсо душман даап,бара албасын билип турду.Карыянын сөзүндө жаны бар. Баарысы тек аман калуусу үчүн, айрылууга убакыт келди. Ичинен ушуларды ойлой, Айдынды аяп тиктеп алды да чечим кабыл алган эмедей кайра сөзгө өттү.
— Макул мен макулмун. Айдынды алып кетиңиз, бирок сөз бериңиз аны бойго жеткирип, атасы тилек кылгандай жигит кылып өстүрөсүз деген үмүттө калам. Эртең эмне болушубузду билбейбиз Айдын мага өз уулумдай болуп калган аны душман көзүнөн алысыраак алып кетесиз, небереңиздин өмүрү сиздин колуңузда болот. Мен досумдун арбагы мага нааразы болбогондой болушун каалайм менден.
Чынында кара көлөкө баарын коркууга салып койду. Кайда качпайлы ал баары бир бизден өч алмайынча артыбыздан калбайт, өлбөйт.
Анын сүйүүсүнөн айрылган күн эсимден кетпейт. Ал жерде мен дагы бар элем, демек анын мага да келчүү күнү алыс эмес. Карыянын жүлжүйгөн көздөрүн караган киши колун акырын карыянын ийнине колун койуп таптап койду да, ордунан тура жигитти чакырганы сыртты көздөй чыгып кетти.
Бул учурда Айдын баарын алачыктын сыртынан угуп турган. Качан киши сыртка чыкканда ары көздөй басымыш болуп калды.
— Айдын бул жакка кел уулум!
Кайра мергенчинин чыккан үнүнөн улам токтоп, артын карап алды. Айдындын көздөрү өзү азыр эле уккан чындыкка даяр эместей көзүнө жаш толо түшкөн эле. Мунун баарын кыраан киши байкап койду.
— Бул тагдыр уулум. Кечир мени мен сен мындай абалда угасын деп ойлогон эмесмин. Даярдык көр жолго аттанууң керек. Калганын чоң атаңдан угуп аласын.
Айдынды аяай караган киши чынында жүрөгү зыркырап турду. Кетиргиси келбей кыйылганы менен, өмүрүнө коркунуч салган кара көлөкөдөн алыс кылуусу керек экенин ойлой, чыйрала түштү. Акырын келе кучактап койгон кишини өз атасындай көргөн Айдын үчүн баарын таштап, белгисиз бирөөлөргө кетүү оңой болбосо да айла жок экеннин сезип жатты. Баары менен коштошо жолго аттанган Айдынды кишинин үй бүлөсү көзгө жаш алып узатып турушту.
— Балким дагы жолугуп калаарбыз, эң башкысы өзүңдү абайласаң болду.
Кучакташып коштошкон кишинин үнү муңдуу чыга, бирге ойногон баласынын мууну бошой, үнү муңдуу чыкты. Маңдайынан өөп коштошкон мергендин жубайы да көзүн жаштап, колунда турбай,көлөкөнү карай жулкунуп ээрчиген Миренаны карап алды.
— Буйруса силерди албетте издеп келем, анда сен чооң кыз болуп каласын. Мен силерди албетте табам. Кантсе да аман калууга аракет кылыңыздар.
Секелек кызды колуна ала койгон Айдын жүзүнөн чоп эттире өөп койду да, жерге түшүрүп келген чоң атасы менен бирге узап кете беришти.
Жан дүйнөсүн жулуп алып кеткен сыяктуу киши артынан караанын узатып карап кала берди.
Ооба андан бери далай жылдар агылып, далай күндөр өтпөдү. Далай тоолорду,кырларды ашты. Айдын чын эле өтө- өтө алыстарга кеткен. Чоң атасы, изин суута, эч бир аты угулуп, көз көрбөгөн жактарга ээрчитип кетти.
Кара көлөкө алардын изинен далай кууса да,көздөн кайым болгон булардын кайда калганын биле албай далай издеди. Акыры душманынын досу кай жерде жашап жүргөнүн да билип, ал жерге чабуул жасоону көздөдү. Качан гана алар баары кырылып жок болсо, кийин өзү тынчтана тургандай шашылып жатты.
Жүрөгү бир нерсени сезгендей, ал убакта кишинин түн уйкусу бөлүнүп ойлонуп, онтоп чыкчуу болду. Канчалык оор болбосун кызы менен баласын да алыс кетирүүнү ойлоп, жүрөгү бир жамандыкты сезгендей, экөөнүн өмүрүнөн корко баштады.Көп ойлонуп жанында жаткан жубайына да айткан менен, ал жанынан карыш жылбасын жакшы билет. Демек башка бирөөгө ишенип тапшыруу керек.
— Бирок ким?...
Акыры көп ойлонуп балдарын өзүнөн алыс кармоону чечти . Келсе да менден өч алса мейли, бирок балдарына кантмек эле. Алар дале наристе экенин душманы карап отурбашын жакшы билет эле. Жакшы сүйлөшүп жубайы менен макулдашмакчы болуп, кызын эркелетип ары жакта отурган жубайын карап алды. Анын көз карашынан түшүнгөн зээнду жубайы кызын агасына кошуп берди да, өзү күйөөсүнүн жанына отура кетти.
— Эмнеге капалуусуз? Байкап жатам түн уйкуңуз бузулган, тынчыңыз кетип жатат. Эмне болду?
Аялы акырын кишинин эчак катып калган колдорун кармай сөз баштады.
Ичинен аялына ичи жылый түшкөн эркек аялынын жүзүнөн акырын сылай,
— Менин акылдуу жубайым. Сен уктап жатып да менден тынчсызданасын ээ, рахмат сага баары үчүн.
Эркектин сөзүнө аялдын көздөрү жайнай түштү.
— Сага сунушум бар! Бирок билбейм сен кандай кабыл алаар экенсин...
Көздөрүн ала качып жүзүн жер каратып башын шылкыйта ылдый салган эркекти эмне дей койоор экен деп ойлой аялы акырын үн катты.
Уландысы бар
Чыгарма түшүнүктүү элеби? Эгер түшүнүктүү, кыэыктуу болсо сиздерден ой пикир күтөм.
Урматым менен автор.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 18