Кыргызстанды алты жыл кимге тапшырабыз. Мен Кыргызстанды башкарам дегендер он бир талапкер. Алардын көпчүлүгүн калың эл деле тааныбайт. Ал эми кээ бири чынында татыктуу бирок бул шайлоодо ал жеңилээри белгилүү. Ал эми эң көп шансы бары үчөө. Жээнбеков, Бабанов жана Мадумаров.
Жээнбековду бийлик сүрөп бара жатат. Административдик ресурстарды каалагандай колдонуп жатышат. Себеби Жээнбеков президент болсо мурунку иштеп жаткандар жылуу оорундарынан козголушпайт же дагы жогору жылат. Атамбаевдин ишин улантат. Мындайча айтканда Атамбаев эле кайра бийликте калат деп түшүнсөк болот. Күнөөсүз камалгандар чыкпайт. Азыр элди жеп жаткандар дагы жей берет.
Бабанов болсо байлыгы менен президенттикти алам деп, акча ресурсун катуу колдонуп жатат. Бабановдун сөзгө турбаганын, айткан убадасын аткарбаганын баарыбыз эле көрүп жүрөбүз. Ал президент болуп калса бизнесин өнүктүрөт. Кыргызстанды өзүнүн бизнеси кылышы мүмкүн. Буга бир эле мисал. Кыргыз орус өнүктүрүү банкынан 17 милион долларды 4% менен алып өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланды. Элди ойлогон болсо башкалар алып иштетсин деп бул акчаны алмак эмес. Жок, өзүнө алып өз кызыкчылыгына пайдаланды. Эртең президент болсо Кыргызстанды өз кызыкчылыгына пайдаланбайт деп ким кепилдик берет. Эч ким.Бабанов менен Жээнбековдун рекламалары өлкөнүн бардык булуң бурчуна чейин илинди. Бир эле баннерди арендага алыш 500$ дөн 5000$чейин экен. Эми ушунча Кыргызстан боюнча илген баннерлерге өтө көп акча кеткени талашсыз.Андан башка үгүт иштерине, элдерди ресторандарга сыйлап жатышат. Буларга эмне деген акчалар сарпталып жатат. Булар бийликке келсе ошол акчаларын он эсе, жүз эсе кылып чыгарышы керек.
Алэми Мадумаров эч кандай бийлиги да байлыгы да жок президенттикке ат салышып жатат. Ал эч жерге баннер илген да жок. Элди чакырып чай берип кошомат кылып колдоруна акча карматкан жок. Бирок дүбүртү катуу баратат. Себеби эл азыр түшүнүп калды. Шайласаңар мен мына темирдей тартип киргизем деп жатат. Азыркы бийликте олтургандардын чекесине чыккан чыйкан болом деп жатат. Мусулмандардын укугун коргойм деп жатат. Түрмөгө саясий куугунтук менен камалгандарды чыгарам деп жатат. Чыныгы хан кол алдындагыларга каардуу элине мээримдүү болуш керек деп жатат. Деги эле башка эл башчылардын жанында да тамтырабай так так сүйлөп Кыргызстандын жүзү боло турган киши.
УРМАТТУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМ КЕЛИҢИЗДЕР ЭЧ КАНДАЙ АКЧА ҮЧҮН ЭМЕС КЕЛЕЧЕГИБИЗ ҮЧҮН, МАГА ЭМНЕ БЕРЕТ ЭКЕН ЖЕ КАНЧА БЕРЕТ ЭКЕН ДЕБЕЙ АЛТЫ ЖЫЛ КЫРГЫЗСТАНДЫ БАШКАРА ТУРГАН ТАТЫКТУУ АДАМДЫ ШАЙЛАЙЛЫ!!!
МЕНИН ТАНДООМ МАДУМАРОВ АДАХАН КИМСАНБАЕВИЧ.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев