7 сентябрда эл менен жолугушуу болду. 28 жылдан бери айрым саясатчылар элди тажатты, биздин өлкө жаңыланууга муктаж, жаштар келсин деп элдер өздөрү айтып жатышат.
Чынында партиялардын атын өзгөртүп, бирок ошол эле жүздөр акчанын күчү менен өтүп кетели деп аракет кылып жатышат. Аларга жол бербеш керек, эскилер уялыш керек эле, моралдык укугу жок деп эсептейм.
Андан көрө элден кечирим сурап, эч нерсе кыла албаганыңарды мойнуңарга алып, кадыр баркыңар менен болсоңор болмок. Силер менен эл деле жолукпайт, это ишенбейт экен, акчанын күчү менен өтөм деп жатасыңар.
Урматтуу Кыргыз элим, ушул шайлоодо биздин беш жылдык тагдырыбыз чечилет, андыктан туура чечим кабыл алып, жаштарды бир жолу колдоп берип койгула.
Эртен Ат-Башы, 9-10 сентябрь Нарын, Ак-Талаа.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев