-Эже, Мен Медреседе окуйм, балдардын баарынын, масы -көлөчтөрү бар. Менде жок. Алып бере аласызбы?
-Канча турат, акча берсем ,өзүн сатып ала аласыңбы?
- Ала алам .
- Алып, келип көрсөтөйүнбү?
-Жок , үшүбөй кете бер .
Экинчи жолу:
-Эже бутум үшүп атат, кышкы өтүгүм жок. Жардам бере аласызбы? Көрүп келдим бар экен .
-Макул , алып кий , анда, мага келбей эле кете бер.
3-жолу:
-Эжоов, Курткам кечээ жыртылып калды, кантем?
-Алып кий.
4- жолу:
-Эже, Кандайсыз? Окууга, жеген-ичкенге , 1000сом төлөш керек , таппай сизге келдим.
-Барып төлө, этият бол.
-Рахмат , эже .
Бүгүн келиптир:
-Эже Кандайсыз? Ден-соолугунуз жакшыбы?
-Оппоо , дагы кандай кемчилигин бар?
-Соода токтоп, пачин жоок.
-Мен таенемдин колунда чоңойдум. Ата-энем барбы , жокпу, билбейм. Досторум аркылуу келип, медреседе окуп атам. 18-декабрда медресе чай уюштуруп, Ата-Энелерди чакырып атат. Мен сизди конокко чакырсам дегем, келе аласызбы? Сизден эч-нерсе сурабайм бүгүн .
-Суранарым, Апамдын ордуна келип бериңиз. Келес а???
😭😭😭😭😭😭😭.
Болгон окуя экен. Интернеттен алынды❤. Жакшы адамдар юар болсун👏
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев