Ымыркайдын узун убакыт ыйлоосу ар бир ата-энени түйшүккө салат. Адистер жаш балдардын эки сааттан ашык тынымсыз ыйлоосун ден соолугунда кандайдыр бир маселе болгондугу менен байланыштырат.
Балдардын узакка ыйлоосунун беш себеби
Ичтин көбүүсү
4 айлык балдардын 20-30 пайызынын узак убакыт ыйлоосунун себеби, алардын ичинин көбүшү болуп саналат. Мындай абалда балаңыз кадимкидей эле физикалык абалда болот. Адистер ичи көпкөн балдар көбүнчө кечиндеси ыйлап баштагандыгын айтат. Ал көрүнүш аптасына үч ирет кайталануусу мүмкүн.
Балаңыздын ичи көпкөндө эмне кылыш керек?
1.Эң алгач эне тамак ашынын рационун оңдоо керек. Балким, сиздин туура эмес тамактанууңуздан улам, балаңыздын ичи көөп жатышы мүмкүн.
2.Бала сүт эмип жатканда, балаңыздын ашыкча аба жутуп алуусунан этият болуңуз.
3.Балаңыздын ичи көпкөндө, ага массаж жасап, бооруңузга кысып жылытыңыз.
Вакцина алгандан кийин
Демейде бала вакцина алгандан кийин, узак убакыт ыйлоосу мүмкүн.
Дары-дармек колдонуу
Эненин дары-дармек колдонуусу дагы, баланын ичинин көбүшүнө себеп болот.
Тиштин чыгуусу
Ымыркайлардын төрт айдан кийин тынымсыз ыйлап баштоосу, анын тишинин чыгып жаткандыгынын белгиси. Мындай абал балдардын бат кыжырдануусуна, ичи өтүүсү, эмчек эмүүсү начарлап, айрым учурда дене таптын көтөрүлүүсү мененкоштолот
#14
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2