Эч ким картайгысы келбейт. Бирок айрымдар өз жашынан кары көрүнсө, айрымдар карылыгы жетип калса да жапжаш көрүнөт. Мунун сыры канчалык бир деңгээлде жылдыз белгисине да көз каранды экен, көрсө.
Кой
Кой жылдызындагылар жылдан-жылга карып баратканына кайгыра беришпейт. Алар учурдагы кырдаалга көңүл бөлүшүп, эртеңкини өз убагына коюшат. Энергияга бай, эрктүү бул жандар бүгүнкүгө кумарланганды жактырышат. Алтымышты багындырышса да жалындаган жаштыктын демин жүрөктөрүнөн чыгарышпайт. Өзүн дайым жаш сезип, жаш алып жүрүшөт. Булардын 80 пайызы узак өмүр сүрүшөт. Картайган кезде дагы жигердүү жана көз карандысыз карылардан болушат.
Букачар
Букачарлар пландалган график менен жашашат. Жүзүнө түшкөн бырыштарды санап өздөрүн дайым кары сезишет. Астрологдор аларга ден соолугуна кам көрүп, күндө көнүгүүлөрдү жасап турууну эскертишет. Эгер өздөрүнө кам көрүшсө 100 пайыз жаш көрүнө алышат. Алар карыганда эч нерсе кыла албай тургандарын жакшы түшүнүп, сыпаа карылардан болушат. Булардын табити өтө жакшы болгондуктан тамакты бапестеп жеп, ашыкча салмак арттырышат. Андан улам көпчүлүк Букачарлар жаш кезинде топтогон ашыкча салмагына өкүнүшөт.
Эгиздер
Эгиздер - жаштыктын символу. Бул жылдыз ээлери көз карандысыз болууну каалашат. Ошондой эле жигердүү, иштерман келишет. Алар карып калса да өзүн он алты жаштагыдай сезип, ишин, кесибин таштабайт, пенсияга да кетишпейт. Эмгекти сүйүп, жигердүү жашоо образын жактырышат. Булардын жолу ар дайым ачык болгондуктан жашоосунда да унутулгус кызык, бактылуу көз ирмемдер көп болот. Ушундан улам жан дүйнөсүндө картаюу деген сезимдер жашабайт.
Бөйөн
Бул жылдыз ээлери картаюу деген сезимдерден коркпошу керек. Мүнөзүнө жараша алар улгайганда абдан кайрымдуу, боорукер жана чыдамкай болушат. Өзгөчө ашканада камбыл, таттуу торт, токочтору менен өзүн сүйдүргөн кожойке, үлгүлүү чоң эне жана таене боло алышат. Классикалык чыгармаларды сүйүшөт. Артында кала турган муунга, небере-чөбөрөлөрүнө туура тарбия берүүгө умтулушат. Ошого жараша ал эмгектери текке кетпейт.
Арстан
Арстан жылдызындагылар өзүнө ишенген, бир мүнөздөгү сабырдуу карылардан болушат. Карыганда да жакшы сапаттары сакталып, жакшы жактарын алыс кетиришпейт. Улгайган курагында деле өз кадыр-баркын жоготпогон сыйлуу карылардан болушат. Ошого жараша алар карыса да, кадыр-баркы карыбаган боюнча калат. Көпчүлүк учурда өзүнө арнап жакшы күндөрдү уюштурушуп, табияттын кучагында эс алганды жактырышат.
Бийкеч
Аталган жылдыз ээлеринин көбү тартипти талап кылган карылардан болушат. Карыганды жактырышпаса дагы жашоонун бул агымын туура кабыл алууга абдан аракеттенишет. Күтүлбөгөн кыйынчылыктарга тушукса убайым тартып, заматта чачтары агарат. Андыктан астрологдор аларга өтө эле убайым тартуу зыян экенин катуу эскертишет. Негизинен бийкечтер улгайган кезинде деле өзүн тыкан алып жүрүшөт жана жагымдуу боюнча калышат.
Тараза
Булар жаш кезинен эле өздөрүнүн ден соолугуна жана ички туюмуна кам көрө билгендерден. Картаярын билишет, бирок карылыктан коркушпайт. Жетимиш жаштан ашса дагы алар ал курагынан жаш көрүнүшөт. Жашоодо кыймыл-аракеттүү болушкандыктан ички сезимдери аркылуу өздөрүн жаш боюнча калгандай сезишет. Жаны тынбай ден соолугу үчүн таза абада эс алып, басып жүргөндү жактырышат. Башкалар сыяктуу карыдым деп үйдөн чыкпай олтуруп алышпайт.
Чаян
Бул жылдыз ээлеринин философиялык ой-туюмдары карыганда күчүнө кирет. Анткен менен алар өз укуктарын коргой алышпайт. Алар кандай болбосун, өзгөрүүгө даяр турушат. Эгер өздөрүн таштабай, картайбаш үчүн ар кандай ыкмаларды колдонушса, ал эмгектери текке кетпейт. Чаян жылдызындагылар кийим тандоого кыйын келишкендиктен карыса да жарашыктуу кийимдери менен сүйкүмдүү көрүнө алышат.
Жаачы
Булардын жан дүйнөсүндө карылык, улгайдым деген сезимдер жашабайт. Энергиясы күчтүү болгондуктан жаштыкты сактоонун жашыруун сырларын ички ой-туюмдары аркылуу сезе билишет. Башкадан да өздөрүн баалап, сүйүшөт. Элүүнүн кырын ашышса дагы өздөрүн жыйырма беш жаштагыдай алып жүрүшөт. Ошондой эле алар курактарынан бир топ жаш көрүнгөндүктөрү менен сыймыктанышат.
Текечер
Текечер жылдызындагылар карыганда кичинекей баладай болушуп жаман ойлордон алыс болууга аракеттенишет. Наристедей таза ниеттеринде алар картаюуну жашоонун жакшы агымы деп билишет. Ошонусу менен акылман кары катары башка көптөгөн жылдыз белгилеринен айырмаланышып, үлгүлүү карылардан болушат. Бул адамдар артта калган жетишкендиктерине каниет кылып, өтүп кеткен жаштыгы үчүн өкүнбөйт.
Суукуйду
Бул жылдыздын ээлери эки типте болушат. Биринчилери Текечер жылдызындагылардай мыкты касиетке ээ. Экинчилери өздөрүн акылман сезген, интеллектуалдуулугу менен өзүн көрсөткөндөрдөн. Негизинен оптимисттер. Бул жылдыздагылар кандай кырдаал болбосун, адамдардан жакшылыгын аябаган карылардан болушат. Андыктан картайып бараткандарына кейигендин кереги жок экенин астрологдор эскертишет.
Балык
Балыктардын кээ бири гана картаюу жашоонун агымы экенин түшүнбөсө, көпчүлүгү картайгандан коркушат. Алар депрессияга бат кабылуучулардын лидери болгондуктан бат карышат. Мындай коркунучтардан улам манжалары да титиреп калат. Ошондуктан астрологдор коркуу сезимдеринен алыс болууларына үндөп, бүгүнкү күнүн жакшы ойлонушу керек экендигин эскертишет. Ошондой эле бул жылдыздагы карылар жашоосу жөнүндө айтып, жаш кезин эстегенди жактырышат. https://ok.ru/min.kenesh
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2