Пияз сулуулукта
Пиязды майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткону бетке жапса, сепкилдерди, кийин пайда болгон беттеги тактарды, безеткилерди кетирүүгө жардам берет.
Кургак бетти жумшартуу үчүн кыргычтан өткөрүлгөн пияз боткосуна бирдей жумуртканын сарысы менен 1 аш кашык каймакмайды аралаштырып, бетке жабасыз. А эгерде майлуулугун азайтам десеңиз, анда ушул эле рецептке жумуртканын сарысын эмес, агын кошосуз.
Сепкил баскан майлуу бетти күн сайын 2-3 жолу тең ортосунан кесилген пияз менен сүртүп турсаңыз, сепкил да, теринин майлуулугу да азаят.
Бирдей өлчөмдөгү пияз жана бадыраң ширелерин аралаштырып, муну менен бетти сүртсө, бет агарат.
Кабыгы менен сууга кайнап бышкан пиязды аарчып, эзип, ага бир аз каймакмай кошуп аралаштырып, 10-15 мүнөт бетке жапса, терини азыктандырат жана бырыштарды кетирет.
Пиязды майда тиштүү кыргычтан өткөрүп, алынган боткодон 3-4 аш кашык шире сыгып аласыз. Ширени чачтын түбүнө сүртүп, сүлгү менен башыңызды жылуулап оройсуз. Чачыңыз кургак же нормалдуу болсо 1 сааттан кийин, майлуу болсо 2-3 сааттан кийин шампундап жууп коюңуз. Бул чачты тез өстүрөт, түшүп жаткан болсо түбүн бекемдейт, какачтан арылтат, жумшартат жана жибектей жылтырак кылат.
Чач түшүп, таз болуп баратса, анда мындай кылуу керек: бирдей өлчөмдөгү пияз ширеси менен балды аралаштырып, таз болгон жерге жакшылап сүртүү зарыл. 1 сааттан кийин жуубастан нымдуу салфетка менен гана тазалап коюңуз. Процедура күн сайын кайталанып, 2 айга созулат.
#21
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 20