=====
Аллахым, Өзүң Кечиримдүүсүң, Кечиргенди жакшы Көрөсүң, менин дагы билип-билбей, түшүнүп-түшүнбөй, кылган, кылып жаткан, келечекте дагы кылып ала турган күнөлөрмүдүн баарын Кечиргин.
Өзүң мага узун, пайдалуу, ыймандуу, берекелүү өмүр Бергин.
Өзүң мага туура жолдо, таза жана такыбаа жашоо менен жашашты насип Кылгын.
"Лаа илааха иллаЛлох Мухаммадур росуулуЛлох" - келмесине амал кылып жашашты Насип Кылгын.
Шайтандын азгырыгынан, дажжалдын жамандыгынан Өзүң Сактагын.
Билип-билбей ширк келтирип коюштан Сактагын.
Бирөөнүн акысынан Сактагын.
Бирөөгө тилим менен жана колум менен зыян берип коюштан, бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюштан, ичи тардыктан, көрө албастык кылып коюштан Өзүң Сактагын.
Өзүңдүн алдыңда даражамды бийик Кылгын.
Өзүң Сүйгөн, Өзүң жакшы Көргөн инсандарын катарында Кылгын.
Өзүң сүйгөн, жана Өзүң ыраазы Боло Турган иш-амалдарга мени да себепчи Кылгын.
Жасаган ар-бир жакшы, сооптуу амалдарымды, жалгыз Өзүңдүн ыраазычылыгын үчүн жасашты насип Кылгын.
Ыйманымды бекем, жүрөгүмдү таза, жана Өзүңдүн диниңе туруктуу Кылгын.
Өзүңдү ыраазы кылып, бейишке кирүүчүлөрдөн Кылгын.
Дин жолунда кызмат кылып, пайдалуу болушту насип Кылгын.
Акыркы сөзүмдү "лаа илааха иллаЛлох Мухаммадур росуулуЛлох" болушун насип Кылгын, жана ошого татыктуу жашашты Насип Кылгын.
Жан чыгыш азабынан Сактагын.
Кабырдагы сурак-жообумду жеңил Кылгын.
Кабыр азабынан, от азабынан, кабырдагы жылан-чаяндардан, кабырдын кысуусунан Сактагын.
Кабырымды жарык, кенен, нурлуу Кылып Бергин.
Кыяматта сурак-жообумду жеңил, жүзүмдү жарык Кылгын.
Амал дептеримди оң тараптан алышты Насип Кылгын.
Фирдаус Бейишине татыктуу Кылгын, жана киришти насип Кылгын.
Эки дүйнө тен бактылуулук Насип Кылгын.
Билип-билбей кетирген ката кемчиликтеримдин баарын Өзүң Кечиргин.
ООМИЙИН🤲🤲🤲🤲🙏🙏🙏🙏
#6
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 53