Тема философия илимдеринин кандидаты, доцент ААЛИЕВА Гүлзат тарабынан даярдалды
УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС!
Баарыбыз билгендей, БИШКЕК ШААРДЫК МЭРИЯСЫНДА атайы ЖАРНАК БӨЛҮМҮ, же ДЕПАРТАМЕНТ бар. Алар КР Президентине караштуу ТИЛ КОМИССИЯСЫ менен биргеликте ЖАРНАКТАРДЫ көзөмөлдөп, аларды ирээтке келтирип, алардын мааниси, сапатына жооп берет. Сиздерге сунушталып жаткан макалага тиркелген СҮРӨТТӨГҮ ДАРЕККЕ көз салсаңыз, бул КӨРНӨК-ЖАРНАК таандык болгон ДҮКӨН (расмий каттоодон өткөн юридикалык жак) ТИЛ КОМИССИЯСЫНАН анча алыс эмес жерде, б.а. Бөкөнбаев - Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Ушуга окшош сабатсыз жана тантык тилде жазылган ЖАРНААМАЛАР шаарларыбызда, айыл-кыштартарда өтө көп экени эч кимге жашыруун эмес.
Ушундай көрнөк-жарнактарды КИМ ЖАЗАТ жана аларды кыргыз тилине “оодарган” КОТОРМОЧУЛАР кайдан чыгат? Дегеле, замандашыбыз Алтынай Мураталиева мага жазгандай, “коомдук жайлардагы көрнөк-жарнактардагы МААЛЫМАТТАРДЫН МАЗМУНУ менен АЛАРДЫН КОТОРМОЛОРУ Тил комиссиясы тараптан БИРДИКТҮҮ КОТОРУЛСУН деген ТАЛАП барбы? Же "казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса" мыйзамы иштейби биздин өлкөдө? Демек, ал жерде өз деңгээлине жооп бербеген, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобогон АДИСТЕР отурат деген жыйынтык чыгарууга болот”.
Алтынайдын чыркырап айткандары толугу менен туура. Мен дагы ЖКнын мурунку депутаты, азыр ТИЛ КОМИССИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ ЭГЕМБЕРДИЕВ АГАЙГА төмөндөгүдөй СУНУШТАР менен баргамын:
1) Тил комиссиясы бул МАСЕЛЕНИ өз колуна алсын,
2) ар бир КӨРНӨК-ЖАРНАКТЫН ЭЭСИ Тил комиссиясына АКЧА төлөп, иле турган ТЕКСТТИН Тил комиссиясынын адистерине текшертип, төлөгөн акчасына КВИТАНЦИЯ алып, текстине МӨӨР бастыргандан кийин гана аны коомдук жайларга илсин,
3) Тил комиссиясы тарабынан текшерилип, МӨӨР басылбаган КАТА ТЕКСТТЕРДИ илгендиги үчүн ФИЗИКАЛЫК да, ЮРИДИКАЛЫК да ЖАКТАР чоң көлөмдөгү АЙЫП ПУЛ төлөшсүн,
4) эгер Тил комиссиясынын адистери тарабынан КАТА кетсе, анда Тил комиссиясы АЙЫП ПУЛ төлөсүн,
5) жарнактын текстин текшерүү үчүн ТӨЛӨНГӨН АКЧА менен АЙЫП ПУЛДАРДАН түшкөн КИРЕШЕ тууралуу Тил комиссиясы жыл сайын элге жана керектүү мекемелерге ОТЧЕТ берип турсун;
6) текшерүү үчүн төлөнгөн акча менен айып пулдардан түшкөн киреше КЫРГЫЗ ТИЛИН өнүктүрүү, КЫРГЫЗЧА КИТЕПТЕРДИ басып чыгаруу ж.б. КЫРГЫЗ ТИЛИ үчүн пайдалуу иш-чараларга жумшалсын,
7) жогорудагы пункттарды өз ичине алган жана тескеген МЫЙЗАМ кабыл алынсын.
Эгембердиев агай мага "Я НИЧЕГО НЕ ЗНАЮ, МОЯ ХАТА С КРАЮ" деген орус макалына үндөшкөн маанайда "БУЛ ИШ МЕНИН КОЛУМАН КЕЛБЕЙТ. АНТКЕНИ, БУЛ ИШТИ МОНОПОЛИЯГА КАРШЫ ДЕПАРТАМЕНТ КАРАЙТ", - деп койду. Тил комиссиясынын УКУРУГУ КЫСКАРААК экенин түшүнүп, орусча айтканда, "ЗА ДЕРЖАВУ ОБИДНО!" болуп, Эгембердиев агайдын кабинетинен шагым сынып, үйүмө кайтты.
Ошентип, тилекке каршы, САБАТСЫЗ көрнөк-жарнак менен КҮРӨШҮҮ боюнча менин ЖАЛГЫЗ АРАКЕТИМ эч НАТЫЙЖА бербей жатат. Айтсак, мен Фейсбукка бир катар макалаларды жарыялагандан тарта мага бир топ журналисттер келип, ТВга тарта башташты. Кадыр Кошалиев агай мага «ЖОЖдордо кереге-кеңеш өткөрөлү, Сиз доклад менен чыгып, сүйлөп бериңиз», - деп калды. Макул болуп, кереге-кеңешке
1) ЖОЖдун мугалим-окумуштуулар жамааты менен
2) ар кыл коомдук уюмдардан келген ар кыл курактагы адамдар чогулдук.
Кереге-кеңештин жүрүшүн 2 телеканал тартып жатты. Кээде КЫРГЫЗМЫН десе арданып да кетесиң. Анткени, "журналисттер келет, мен доклад менен чыгам", - дегенди укканда эле коллегалардын көз караштары бузулуп, чыйрыттап, жактырбай, туураланып сүйлөп калышты. Докладда кыргыздардын этникалык жана улуттук баалуулуктарын кайра жандандыруу, анын ичинде САБАТСЫЗ КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР менен ЖАЛПЫЛАП КҮРӨШҮҮ боюнча БИР КАТАР СУНУШТАРДЫ айттым. Бирок, ТАЛКУУ учурунда мен тарабынан айтылган СУНУШТАР унутта калып,
1) менин ТЕЛЕ-ЖЫЛДЫЗ болгонумду жактырбай турган КОЛЛЕГАЛАР кереге-кеңешти ДИССЕРТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШКЕ айландырып, ар бир түшүнүктү ийне-жибине чейин териштирип, философиялык терминологияны билгендиги менен коомчулуктан келген АКСАКАЛДАРДЫН оозун ачырса,
2) Кадыр агайга кереге-кеңешти өткөрүп берүү тууралуу убаданы берген МОДЕРАТОР агайдын кереге-кеңештин ишине багыт бере албаган позициясынан улам, кереге-кеңешке келген аксакалдар ЧАЧЫН КЕСКЕН АЯЛДАРДЫН мистикалуу мүнөздөгү ГИНЕКОЛОГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРИН талкууга салып, ОКУМУШТУУЛАРДЫ айран-таң калтырды.
Ошентип, кереге-кеңеш эч кандай НАТЫЙЖАГА ээ болбой, ЧАР-ЖАЙЫТ мүнөздө аяктады. Эртеси МОДЕРАТОР АГАЙ "Кечээги жыйынды өткөрбөй эле койсоң болмок, элдин баарын 2 анжы кылбай", - деп табалагандай маанай менен кескин кекээр айтты.
Жогоруда айтылгандай, кереге-кеңеш тууралуу ИДЕЯ мага таандык эмес эле. ИДЕЯНЫН АВТОРУ болгон КАДЫР КОШАЛИЕВ агайдан да азыркыга чейин дайын жок. Ошондой эле Кадыр агайдын коомдоштору тарабынан САБАТСЫЗ КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР менен ЖАЛПЫЛАП КҮРӨШҮҮ жаатындагы колдоолор менен пикирлер да жок экендиги өкүндүрөт.
Демек, биз кыргыздар САБАТСЫЗ КӨРНӨК-ЖАРНАКТАР менен ЖАЛПЫЛАП КҮРӨШҮҮ жаатындагы маселе сыяктуу ИДЕОЛОГИЯГА НЕГИЗ БОЛЧУ ОЙДУ АЙТКАН АДАМДЫ ээрчибейт экенбиз, анткени, ага КӨЗ АРТАБЫЗ жана АНЫН БИЗДЕН "КЫЙЫН" болуп кеткенин жактырбайбыз.
Эмнеси болсо да, урматтуу УЛУТТАШТАР! Коомчулук ЖАПА ТЫРМАК бул ТАЛАПТЫ коюп чыкпасак, саны бар, сапаты жок араң жан ТИЛ КОМИССИЯСЫ менен кара курсактан башканы ойлобой калган БИЙЛИК тараптан эч майнап чыкчудай эмес. Эгерде араңарда АДИСКӨЙ ЮРИСТТЕР болсо, ушул жааттагы МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН даярдап, “УЛУТТУК СЕЗИМ” тайпасы аркылуу коомчулук тарабынан Жогорку Кенешке сунуштасак, АДАБИЙ ЭНЕ ТИЛИБИЗ менен САБАТТУУЛУК МАСЕЛЕСИНЕ байланышкан бир топ көйгөйлөрдү чечип алмак элек.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев