Буга чейин аталган мекеме «Садовод» базарында полиция кызматкерин сабаган чет элдикке карата бийлик өкүлүнө күч колдонуу жана бийлик өкүлүн кемсинтүү беренелери боюнча эки кылмыш иши козголгонун билдирген. Тергөө окуяга тиешеси бар адамды камакка алуу түрүндөгү чараны колдонууну өтүнөт. Дагы 80 мигрант миграциялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү үчүн тергөө органдарына жеткирилген. «Ошондой эле соода комплексинин аймагында болгон бейбаштык фактысы боюнча борбор калаанын Тергөө комитетинин тергөөчүлөрү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде (бейбаштык – ред.) кылмыш иши козголду», – деп айтылат Тергөө комитетинин билдирүүсүндө. Учурда комплекстин аймагында тергөө иштери жүрүп жатат. Жарандарга, анын ичинде полиция органдарынын кызмат адамдарына карата атайылап зомбулук көрсөтүүгө тиешеси бар бардык адамдар аныкталып жатат.
INTERFAX.RU билдиргендей, Мамлекеттик Думанын Мамлекеттик курулуш жана мыйзамдар боюнча комитети Россиядан депортация түрүндөгү жазаны аткаруунун өзгөчөлүктөрү боюнча түзөтүүлөрдү кабыл алды.
...Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев