« Беш манжа бөлөк, билек бир, Беш адам бөлөк, тилек бир»
«Бир адамдан бир китеп» долбоору Нарын облусунун Кочкор районундагы
Мантыш, Кызыл –Дөбө айылдарында старт алды !
Бул долбоордун негизги максаты:
• Мекенибизде китеп окууну даназалоо
• Руханий, интеллектуалдык потенциалды жогорулатуу
• Шаар, регион, алыскы айылдардагы китеп жетишсиздигин жана китепкана көйгөйлөрүн чечүү
• Аз болсо да билимге инвестиция жасоого багытталат. Бул болбоорго ар бир мекендешибиз катыша алат жана колдон келет. Анда эмесе акциябызга конул
бурунуз !!!
• Бул долбоорго ар бир атуул катыша алат.
• Зарыл болгон китептердин тизмеси түзүлөт. Сиз акчалай же жаңы китептерди
келечек ээлери болгон жаштарга белек катары берсеңиз болот.
• Китептерди чоогултуу учурунда баардыгы ачык - айкын, фото – видео отчет, китептин жана салым кошкон адамдын Ф.И.О. менен жүктөлөт.
• Чоогутулган китептерди акциянын соңунда уюштуруучулар белгиленген аймакта
(шаар, регион, айылында) салтанаттуу түрдө тапшырылат.
• Китептер эн зарыл болгон китепканага, мектепке, бала – бакчага ж.б. жайларга
жайгаштырылат.
• Долбоордо чогуутулган китептер жалпы элдин менчиги болот жана жергиликтуу
комиссия тарабынан текшерилип, жоопкерчилик алышат.
• Китептерге соңунда атайын белгилүү мөөр басылып, жалпы жашоочулар эркин
окуй алышат.
Долбоордун координаторуна :
1. Байсейитова Ализа: 0708 09 25 98
2. Акылбек кызы Нурайга: 0500 42 02 00 кайрылсаңыздар болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев