Баардык түш адамга өлбөстүктү айтат. Адам качан кызуу уйкуга киргенде катылган сырлар келет.
17.10.13 11:51
Адам түш көргөндө баардык нерсе тууралуу маалымат алса болот. Түш көрүүнүн этаптарында адамдын акыл-эси иштеп турат.
Түш көрүүнү изилдөөлөр
Адамдын жан дүйнөсүндөгү өзгөчө көрүнүш катары түш көрүүнүн адамзат тарыхында узак убакыттар бою өзүнө көңүл бурдуруп фольклордо, мифологияда, динде, философияда, илимде ар түрдүү түшүндүрүлүп келген. Көптөгөн ырым-жырым, ишенимдердин жаралышына себеп болуп, кээде ар кандай акылга сыйбаган нерселер менен түшүндүрүлгөн.
20 - кылымда түш көрүү ар кандай психологиялык, физиологиялык жана философиялык илимий иликтөөлөрдү пайда кылды. Алсак, Фрейддин ою боюнча, түш көрүү каалоо-тилекти ишке ашыруунун өзгөчө жолу, ар бир түш көрүү – психоаналитикалык жактан чечмелөөгө мүмкүн болгон жана адам психикасындагы таанып-билүүгө жардам берүүчү мааниге жана символикага ээ. Фромдун ою боюнча, түш көрүүнүн түш мезгилиндеги акыл ишмердиги.
Азыркы маалыматтарга ылайык, түш көрбөө же анын начар болушу нерв оорусуна, же башка психикалык бузулууларга алып келет. Көпчүлүк элдерде, анын ичинде кыргыз элинде да түш жоруунун калыптанган мазмундары бар.
Түштөгү чыгармалар
Көптөгөн адамдар өздөрүн кыйнаган көйгөйлүү маселе жөнүндө көп ойлонсо, анда аны түшүндө чечип алганга болоорун окумуштуулар айтышкан. Буга далил катары, дүйнөгө белгилүү адамдардын айткандарын жазып калтырышкан. Маселен, немец химиги Ф.А Кеккуле өзү ойлоп тапкан бензолдун формуласынын түзүлүшүн түшүндө көргөн. Ал эми Лафонтьев "Эки көгүчкөн" аттуу тамсилин түшүндө жазса, Пушкин менен Фет ырларын түшүндө чыгарышкан. Менделеев түшүндө түзүп жаткан таблицасынын химиялык элементтеринин атомдук көлөмүнүн өсүшү боюнча жайгашып калганын көргөн.
Түш жоруу
" Түштүн башы казандай, моюну кылдай "– дешет. "Түшүң түлкүнүн богу", "Түшүң оңолмоюнча ишиң оңолбойт" – деп да коет. Таң эртең менен түштү жакшылыкка жоруш керек. Демек, начар түштөрдү оң тарапка буруп коюуга болот экен.
Түшүндө өлгөн кишини тирүү көрсө, арбагынын кубат тапканы.
Түшүндө ооруп калса, ден соолугу жакшы болот.
Түшүндө кейисе же капаланса кайыптан пайдага туш келет.
Түшүндө от көрсө мурат-максатына жетет.
Түшүндө ок атса тилеги орундалат.
Там салып түш көрсө кудай берет.
Түшүндө илим үйрөнүп жатса, Алланын сыйлыгына ээ болот, аалымдар менен жүз көрүшөт.
Бийик учуп түш көрсө сапарга чыгат.
Түшүндө жылан көрсө - ал душман.
Түшүнө ит кирсе ал да душман, сак болуу керек.
Түшүндө жыланды кармап алса олжолуу болот.
Түшүндө ит үрсө душманы кастык кылат.
Түшүндө ылачын көрсө баласы бактылуу болот.
Түшүндө ылай суу көрсө оор кыйынчылык тартат.
Түшүнө үпүп кирсе баласы сараң болот.
Түшүндө бал аарысын кармап алса, киреше кирет.
Түшүндө боюнда бар аял эркек төрөсө кыз, кыз төрөсө эркек балалуу болот.
Түшүндө тезек терип жүрсө турмушу кыйынчылыкта өтөт.
Түшүндө жүгү бар араба же машина көрсө, мал-жаны аман болот.
Түшүндө үйгө кирсе санаага батат, үйдөн чыкса санаадан кутулат.
Түшүндө үйүнө өрт кетсе жаман ниеттүү киши менен дос болот.
Түшүндө уктаса жалаага кабылат.
Түшүндө урушуп же сөз талашып кыжыңдашса ушактан тилин тартсын, балээге кабылат.
Түшүндө жалбырак же мөмө жесе урмат-сыйга ээ болот.
https://sng-vmsk.ru/zharmashsam-bolboj-kojdu/
https://sng-vmsk.ru/kuhnya-ga-kirip-keldi/
https://sng-vmsk.ru/mojnunan-oop-bashtadym/
https://sng-vmsk.ru/kolumu-salyp-bashtadym/
https://sng-vmsk.ru/biri-biribizdi-zhep-salchudaj/
https://sng-vmsk.ru/ojnop-kirip-ketejin-dejt/
https://sng-vmsk.ru/karmasam-koluma-batpajt/
https://sng-vmsk.ru/belinen-kysyp-karmadym/
https://sng-vmsk.ru/tapshyryp-zhatyp-kaldym/
https://sng-vmsk.ru/menikin-korup-kalgan/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 3