1-ЭТАП.
Күнү бою тазартылган сууну ичебиз. Сууга Лимон ширесин же бал кошуп койсо болот. Ар бир тамактанаар алдында бир стакан ичип коюнуз.
2-ЭТАП.
Аптекадан расторопша (тоо тикен) организмдеги алмашуу процессин тездеткен жана боор го жакшы таасир берген өсүмдүк сатып алабыз. Анын маңызын күнүно 2-4 жолу ичиниз. Кутусунан кантип даярдалаарын окуп алыныз.
3- ЭТАП.
Ичеги аш казан трактынын иштешин жакшыртуу үчүн эртең мененки тамак алдында бир чай кашык зыгырдын данынан жеп койгон жетиштүү. Андан жакшысы зыгырдын данын кечинде жатаар да сууга чылап койсонуз, эзилген маңыз ашказанда батыраак таасир берип баштайт.
4-ЭТАП.
Ар бир тамактангандан кийин 20 мүнөттөн соң көк чай же чөп чай ичип койгонуңуз жакшы. Бул чайлар кандагы шекерди нормалдаштырат, ашказандагы сезгенуу процессин азайтат, о.э боор менен бойрокту тазалайт. Колдон келсе көк чайды же чөп чайды күнүмдүк адат кылып алсаныз жакшы.
5-ЭТАП.
ЭНЕРГЕТИКАЛЫК САЛАТ.
Аны даярдоого керектелуучу заттар.
-- 200 гр брокколи капустасы
-- 120 гр жашыл буурчак.
-- 40 гр авокадо
-- 20 гр семочка (күн караманын даны)
-- 100 гр бадыраң.
-- 50 гр эжигей.
-- 50 гр петрушка менен жалбыз.
-- Лимон ширеси
-- зайтун майы.
ДАЯРДОО ЫКМАСЫ.
Ингредиенттерди майдалап эзип, жакшылап аралаштырыныз. Зайтун майы жана Лимон ширеси менен катыктаныз. Салат даяр.
Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Комментарии 1