Урматтуу мекендештер жана улутташтар!
Төмөндө кыргыз санжырачыларынын китептеринин негизинде, тарыхый окуяларга таянып, алды-артыбызды карап, ушул тизмени элибизге сунуштаймын. Бирок, бул акыркы чечим эмес. Туура эмес жерлерин санжырачыларыбыз, тарыхчы-илимпоздорубуз тактап берет деп, ишеним арттырып, ишти баштайбыз.
Манас атабыздын арбагы колдосун, элибизде тынчтык, биримдик болсун! Биссмил-лахи ар-рахмани ар-рахиим...
Азыркы кыргыз улутунун, этносунун курамын түзгөн уруулардын тизмеси:
I. 1-Оңдор тайпасы
1. а) Адыгине (бөрү, баргы, жору, сарт (улуту эмес), мөнөк, баарын ж.б. майда уруулар). Бул уруу негизинен Ош областынын райондорунда жашашат.
2. б) Тагай (солто, сарыбагыш, бугу ж.б.) Нарында, Көлдө, Чүйдө жайгашкан.
3. в) Муңгуш (жапалак, соколок, жоош, кодогочун, төлөйкөн, татар ж.б.). Ош областында, Алтайда отурукташкан.
II. 2-Солдор тайпасы
4. а) Мундуз (негизинен Жалал-Абад областында, Өзбекстанда, Чүйдө жашашат, Алтайда).
5. б) Басыз (Нарын, Көл, Ош, Чүй, Жалал-Абад өрөөндөрүндө жашашат.)
6. в) Багыш (Багыс деп казактын арасында да кездешет.) Жалал- Абад областында, Өзбекстанда, Казакстанда отурукташкан.
7. г) Саруу (Талас, Жалал-Абад, Көлдө жашашат).
8. д) Кушчу (Кутчу) (Ошто, Таласта жайгашкан).
9. ж) Кытай (уруусу, улуту эмес) (Жалал-Абад, Ош, Талас областарында жашашат).
10. е) Жетиген (Талас, Жалал-Абад, Чүй өрөөндөрүндө).
11. з) Ногой (Манас атабыздын уруусу деп айтылып жүрөт). (Талас, Жалал-Абад областарында жайгашкан).
III. 3-Ичкилик тайпасы
12. а) Абат (Баткен областында)
13. б) Каңды (казактын арасында каңгылар деп жүрүшөт) 12 майда уруулары, уруктары, тайпалары бар. (Баткен, Ош областарында, Өзбекстанда, Тажикстанда, Казакстанда, Түркияда отурукташкан).
14. в) Кыпчак (Кыпчактын 9 түрү бар. Булар казактын, өзүбектин, түркмөндүн, башкырдын ж.б. улуттардын курамына сиңип кетүүдө). Кыпчак өзүнчө улут болгон деп жүргөн тарыхчылар, санжырачылар бар.
15. г) Найман (бул уруунун айрым бөлүктөрү казакка, өзүбекке сиңип кетүүдө, Тажикстанда, Жерге- Талда, Кыргызстанда Ноокат, Кадамжай, Баткен райондорунда жашашат.
16. д) Нойгут (Акбалта, Чубак, Жаңыл Мырза баатырлардын уруусу) (Баткенде, Тажикстанда).
17. е) Тейит Бул уруу миң жыл илгери Тибеттен Ала-Тоого көчүп келип кыргыздардын курамына кирген деп, айрым санжырачылар айтып жүрүшөт. (Ош, Жалал-Абад, Баткен, Тажикстан, Ооганстан, Түркияда).
18. ж) Кыдырша (өзүнчө уруу болбошу да мүмкүн) (Жалал-Абад, Ош, Тажикстан, Өзбекстан).
19. з) Төөлөс (Дөөлөс уруудан да чоң, өзүнчө тайпа болушу да мүмкүн. Убагында өзүнчө улут, мамлекет дагы болгон дешет). (Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл областтарында, Алтайда, Казакстанда, Венгрияда).
20. и) Кесек (Жоо кесек ушул урунун курамында деп да айтылат) (Баткенде, Өзбекстанда, Тажикстанда).
21. к) Бостон (Молдо Нияз чыккан) (Баткенде, Ошто, Өзбекстанда, Тажикстанда).
22. л) Кызыл аяк (И.Разаков ушул уруудан) (Баткенде, Тажикстанда).
23. м) Оргу (Баткенде, Өзбекстанда).
Өзбекстанда, Тажикстанда, Оовганстанда өзбектешип, сартташып бараткан кыргыз-кыпчактын ИЧКИЛИК уруулары: Окчу, Мунат, Мүнүт, Актачы, Терек, Ак төөчү.
Кыргыздарга мурда же кийин кошулган уруулар, тайпалар, этностор, улуттар
24. Катаган “Катагандан Хан Кошой”. 3100 жыл илгери Кытайлар Кыргыздарды (Гунндарды) чаап алып кыргыз урууларын туш тарапка көчүрүп таштаганда, кытайларга баш ийбей Ала-Тоодо калып калган жалгыз уруу. Манас атабыз Алтайдан кыргыз элин Ала-Тоого баштап келгенде, алдынан тосуп чыккандар. Азыр казактын, өзүбектин арасында жүрөт. Кыргызстанда, Таласта Алакчын, Бешберен, Ноокат, Араванда Улук катындын балдары деп аталышат. Катагандар Саяк уруусунун курамында да бар. Көлдө, Чүйдө. Көпчүлүгү Ташкент областында жашашат.
25. Коңурат (Коңурат уруусунун көпчүлүгү Кыргызстандын Ош облусунан тышкары Өзбекстанда Сурхан дарыя, Сыр дарыя, Хорезм областарында жашашат. Айрымдары биз өзүбүзчө улутпуз деп эсептешет).
26. Маңгыт (Моңгол, Каракалпак элдеринин курамынан да кездешет) (Ош областында, Өзбекстанда жашашат).
27. Могол (кадимки Бабур хандын уруусу, өзүбек улутуна тийиштиги жок.) (Жалал-Абад, Ош областтарында, Өзбекстанда).
28. Саяк (Биздеги чоң уруулардын бири. Булар казактын курамында да бар). Саяктар байыркы САКтардын тукумдары болушу мүмкүн. (Көлдө, Нарында, Жалал-Абадда).
29. Азык (санжырада Тагайдын тондуу (өгөй) балдарынын бири). (Нарында, Кытайда жашашат).
30. Черик (Тагайдын тондуу (өгөй) баласы). Бирок чериктердин тарыхы миң жылдын ары жагын камтыйт. Ал эми Тагай бий 550 жыл илгери жашап өткөн (Ошто, Жалал- Абадда, Нарында, Кытайда жашашат).
31. Моңолдор (Наалы эженин балдары, Моңолдордун атасы Каба, моңгол же кыпчак уруусунан болушу мүмкүн, ДНК аркылуу изилдеп тактаса болот). (Нарында, Ошто, Чүйдө, Жалал-Абадда жайгашкан).
32. Меркит (Чыңгызхан кырып, түгөтө албаган уруу) (Ноокат, Кызыл- Кыя тарапта).
33. Муркут (Чыңгызхан кырып, түгөтө албаган уруу) (Ноокат, Кызыл-Кыя тарапта).
34. Кереит (Чыңгызхан кырып, түгөтө албаган уруу) (Ноокат, Кызыл- Кыя тарапта).
35. Төбөй (Россиянын курамындагы азыркы Тува республикасы) Тува-Төбөй бир уруу. (Негизинен Жалал-Абадда).
3б. Керей-Шорон (бул уруу Казакстанда Шорон-Керей деп айтылат. Чабышта колго түшкөн корейлерден тарагандар) (Ноокат, Кызыл-Кыя тарапта).
37. Кыят. Бул уруу төөлөстөрдүн курамында жүрөт. Чындыгында бул Чынгыз хандын уруусу. (Ош областында).
38. Бор жигин Ноокат районундагы Төөлөстөрдүн курамында жүрөт.
39. Сарткалмак (кыргызга сиңип кеткен кадимки калмактар) (Көлдө, Чүйдө, Нарында, Ошто). Бул уруунун да ДНКсын текшерүү керек.
40. Көкжатык Араван, Ноокат райондорунда, Анжиан облусунда.
41. Курама (Тажикстанда, Өзбекстанда жашашат. Кыргызга да, өзүбекке да кошула берет).
Кыргыз кырк уруудан турат деп айтылат. Бирок бул шарттуу гана аталыш деп ойлойм
Менин оюмча биз башкы сактама (документ) паспортко урууларды да жазсак туура болгудай. Себеби, бир уруудан баш кошкондор генофондду өстүрбөйт. Эгер башка уруудан, улуттан үйлөнгөндөр болсо, биздин улуттун каны жаңыланып, күчтүү, келбеттүү, чырайлуу, акылы зирек боло баштайт экен. Ошондуктан андайларга мамлекет жөлөк-пул берип турушу абзел. Андыктан паспортко каныбыздын ДНКсын да жаздырсак эң туура болгудай.
Ал эми башка улутка турмушка чыккандар үчүн мамлекет (кыздын ата-энесинен тышкары да) калың алышы зарыл. Ошондо биздин башка улутка турмушка чыккан кыздарыбыз барктуу болот, талаада калбайт, кор болбойт. Мамлекеттин көзөмөлүндө болот.
Эгер жаңы бийлик улутту узартабыз дешсе, тез аранын ичинде кыргыз урууларын ЮНЕСКОдон каттоодон өткөрүп келүүсү абзел.
Айрым урууларга кыска түшүндүрмө
Кыргызда ар-бир уруунун өзүнүн өзгөчөлүгү, миссиясы, кызматы, үйрөнгөн адаттары болгон деп ойлойм.
Мисалы: Адигине, Тагай уруулары – мал чарбачылыгы.
Муңгуш – дыйканчылык, багынбачылык менен шугулданышкан.
Сару, кушчу, жетигендер – көркөм өнөргө жакын болуп, акын-жазуучулар, төкмөлөр көп чыгышкан.
Ичкилик тайпасы – кол өнөрчүлүккө, курулуш-архитектурага жакын болушуп, 19-кылымда эле көчмөн жашоону кыскартып, кыштактарга, шаарчаларга отурукташа башташкан.
Катаган уруусу – Улуттук коопсуздукту колго алгандыктан көп уруштарда кырылып калган.
Мангыт – Чыңгызхан (чыныгы кыргыз каган) убагында эле хан ордонун чарбалык, саясый иштерин, уюштурган уруу болгон.
Азык – азык-оокаттын, байлыгын ала жүргөн, дүнүйөгө кызыккан, тың уруулардын бири.
Черик – Кыргыздын чек-арасын коргогон чет-жакаларда жайгашкан уруу.
Сарт – Адигиненин сарт аялынан туулгандар. Санжырада Адигиненин осуяты боюнча, таякелерине кетип калбасын үчүн, ашуулардын түбүнө жайгаштырылган. Санжыра боюнча жыйырма уруу Адигине, он уруу муңгуш биригип отуз уул болот. Отуз уул – бул аталыш, уруу эмес.
Аркалык деп Тагайдын өз балдары гана аталат. Анткени мындан 500 жыл илгери Тагай бий агасы Адигинеден чочулап Анжиандан Теңир-Тоого, б.а. артка көчүп кеткени үчүн анын балдары аркалыктар деп аталып калган. Оомиин.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 27