азыркы Хакас-Минуса ойдуңунда ж-а ага чек-теш аймактарда жашаган кыргыз эли. Кыргыздар бул аймакта ички ж-а тышкы көзкарандысыз саясатын жүргүзүп келишкен. Чыңгыз хандын мураскорлорунун бийлик үчүн болгон ичара согуштарына кыргыздардын тартылышы, аскердик оор салыктар, тынчы жок элди (кыргыздарды) бир нече ирет көчүрүү саясаты демографиялык терс таасирин тийгизген. Бирок, кыргыздар бул аймактын башкы этносу бойдон калып, моңгол Алтын хандарына, жуңгарларга, орустарга каршы ийгиликтүү күрөшүп келишкен. С.к. орус жазма булактарында «Кыргыз өлкөсү», «Кыргыз жери» деген ат м-н белгилүү болгон. С.к-нын мамл. төрт улустан ж-а аларга тиешелүү
кыштым капчыгайларынан (Алтысар, Алтыр, Изер, Туба) турган. Моңгол чапкынынан баштап, Кыргыз жериндеги саясий борбор Абакан өрөөнүнөн түндүккө көчкөн эле. Ак Июс ж-а Кара Июс дарыяларынын алабында кыргыздын тектүү бектеринин ээликтери жайгашкан. Ошондон улам алтысарлыктар «Чоң кыргыздар» деп аталышкан. Ар бир улустун өзүнө тиешелүү кыштымдары ж-а кыштым капчыгайлары болгон.
Мамл. ички ж-а тышкы иштер жалпы курултайда каралып, ага 500гө жакын кыргыз бектери катышып турган. Курултайда Кыргыз өлкөсүнүн башкаруучусу шайланган. Мис., белгилүү баатыр ж-а мамл. ишмер Еренек бек Кыргыз өлкөсүндө борборлошкон мамлекеттик башкарууну орноткон. 16-к-дын аягы–17-к-дын баш ченинде Кыргыз өлкөсүнүн экон., чарбасы, маданияты бир топ өнүккөн. Кыргыздардын жазма маданиятынын болгондугун орус документтери баяндайт. Кыргыз өлкөсүнүн экон. негизи көчмөн мал чарбачылыгы, дыйканчылык, аң уулоо, соода иштери м-н катар көп сандаган көзкаранды кыштымдардан жыйналчу салыктан турган. С.к. Алтын хандарга, жуңгарларга формалдуу көз каранды болушуп, салык төлөө м-н гана чектелишкен. Алтын хандардын ичара согуштарына кыргыз аскерлеринин катышканы ж-дө
маалыматтар бар. С.к-нын басымдуу бөлүгү 1703-ж. Жуңгарияга көчүрүлүп кеткен. Айрым бөлүгү 1756–58-ж. окуялардан соң кайтып келишкен. Бүгүнкү тувалардын, шорлордун, алтайлыктардын басымдуу бөлүгү,
хакастардын дээрлиги С.к-нын урпактары болушат.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1