Куу турмуш тагдырыма жазды
мага.
Узак жол кең кучагын ачты
мага.
Умсунтуп,усул жеңип-турмуш
кыстап.
Арга жок...кетип жатам
Москвага.
Түйшөлдүм...түпсүз ойлор
ууктурду.
Көөдөндү аттиң- арман бууп
турду.
Көргөндө уктап жаткан
балдарымды.
Көз жашым беттеримди жууп
турду.
Оокат деп,далбас урат бүт
жүгүрүп.
Жыргал жок бөтөн жерде күтчү
күлүп.
Жаалыгып көр оокаттын
азабынан.
Көйгөйүн айткандар көп
үшкүрүнүп .
Ала-Тоо ак мөңгүлүү жери
калды.
Ата журт маңдай акы тери
калды.
Аялы акча артынан кууп кетип.
Балдарга баш-көз болуп эри
калды.
Там-ташты тапкан оокат баары
калды.
Ата-Эне, ак сакалдуу кары
калды.
Аттанып акча издеп эри кетип
алмадай бышып турган жары
калды.
Иштелбей куурай басып талаа
калды.
Башталган иши бүтпөй чала
калды.
Ата-Эне медерине моокум
канбай.
Муңканып муңдуу кабак бала
калды.
Өлчөлүү өп-чап эптет
тапканыбыз.
Аралаш эркек-аял
жатканыбыз.
Кыйгачтап эптеп барып жатып
калмай.
Оюлуп бүтмөй болду
капталыбыз .
Көчөдө текшерүү көп жолубуз
тар.
Кантебиз?Арга жок да,Шорубуз бар.
Керилип тынч уктамай бизде
кайдан.
Туш-туштан кулак жарат
коңуруктар.
Арманы ат башынан ашкан
кыргыз.
Ааламдын булуң-бурчун баскан
кыргыз.
Түйшөлүп майдай акы терин
төгүп.
Өзү эмес-Өкмөтүн да,
баккан.Кыргыз.
Жан үрөп,чарчаганды
билбегени.
Карарып көңүл чөгүп кирдегени.
Түшүнүп көңүл бөлбөйт
төбөлдөрүң.
Көйгөйдүн көң учугу кимде
деги?
Көңүлгө кирбей коомдун
бузулганы.
Кулкунун майлап жүрөт
кутумдары.
Айланып кетмей болду
кулчулукка.
Байыркы баатыр-Манас
тукумдарга.
Салмактуу сабыры күч,сынгыз
демек.
Сыздаса сырын ачпас-Кыргыз
делет.
Чачылып,үзүлгөндү улоо үчүн.
Кыргызга-чыгаан үндүү-
Чынгыз керек.
Кыйналып кыр-кырларды
аштык демек.
Аргасыз...ар-тарапка качтык
демек.
Агылган Кыргыз селдин
токтотууга.
Акылман-хан Бакайдай баштык
керек.
Түндүгү урап-Кыргыз
кулабасын .
Түнөрүп жаттан көмөк
сурабасын.
Өзгөдөн үмүт кылбай өз
жеринен.
Өзүнүн таап жесин шыбагасын.
Авт. Жедигерова Нуржамал.
.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев