~~~~~~~~~~~~~~
Кайдасың, кайда кеттиң, жаштык курак,
Алыстап, бара жатың кол булгалап.
Жаштык ай, бала кездин бир үзүмүн,
Кыялымда, изделедим сезим курап.
~~~~~~~~~~~~~
Жамалым, жаркып турган бир жан элем,
Ал кезим, жалындаган кезим элең.
Кыр ашып, кетсең деле ошол бойдон,
Жаштыгым, унутулгус дүйнөмдө сен.
~~~~~~~~~~~~~
Жайдары, шайыр шатман күлгөн кезим,
Эч качан, кайталанбас андай сезим.
Ыраактап, токтобостон шашып улам,
Кол буллгап, алыстадың жаштык кезим.
~~~~~~~~~~~~~~
Кечее эле, тураар элең мени жандап,
Тайлактай, кеттиң беле улам туйлап.
Айла жок, көздөн жашым томолонот,
Кылчактап, аттиң ошол жаштык курак.
~~~~~~~~~~~~~~
Адинай Шанаева. М.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев