Күн чачырап таңдын нурун талашып,
Жаштык кетет мезгилдерге жанашып.
Бир аз, бир аз токтоп турбай
Шашып барат сезимдерди канатып.
Жаштык кетет сезбей өмүр аздыгын,
Гүлдөрүңдү жыйнап алып бардыгын.
Алың жетпейт токтотууга бир азга
Таппайсың сен издесең да калдыгын.
Аска тоодон айдап булут шаштырып,
Жаштык кетет баарыбызды азгырып.
Айта албай күйүттү ичтеги
Кетет тура жүрөктөрдү мас кылып.
Жаштык кетет, көрүнбөстөн сыбызгып,
Кыз күлкүсү чыккан кезде кызытып.
Күндөрүңдү азаптарга ургулап
Кетет тура жардан алыс ыргытып.
Жаштык сага эң биринчи сыр ачып,
Селки менен үн созуша ырдашып.
Эстеп эми эске салып ошону
Калсаң болмок жаз кечинде жыргатып.
Куусак дагы минип алып бир атка,
Жетпейбиз эч сен кеткен тарапка.
Жалынсак да кылчайбастан
Кетесиң сен токтобостон бир азга.
Жалп өчүрбөй жалындаган сезимди
Жок дегенде токтоп турчу бул жазда.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев