ﺑِﺴْﻢِ ﺍﻟﻠّٰﻪِ ﺍﻟﺮَّﺣْﻤٰﻦِ ﺍﻟﺮَّﺣِﻴﻢِ
ﺷَﻬْﺮُ ﺭَﻣَﻀَﺎﻥَ ﺍﻟَّﺬِﻯ ﺍُﻧْﺰِﻝَ ﻓِﻴﻪِ ﺍﻟْﻘُﺮْﺁﻥُ ﻫُﺪًﻯ ﻟِﻠﻨَّﺎﺱِ ﻭَ ﺑَﻴِّﻨَﺎﺕٍ ﻣِﻦَ ﺍﻟْﻬُﺪَﻯ ﻭَ ﺍﻟْﻔُﺮْﻗَﺎﻥِ
"...Рамазан айы - бул айда адамдар үчүн туура жолду көрсөтүүчү, ачык-айкын хидоят далилдерин камтыган жана акыйкат менен жалганды айырмалоочу Куран түшүрүлгөн..." (Куран 2:185)
Биринчи түйүн:
Ыйык Рамазан айындагы орозо - Ислам дининин беш түркүгүнүн бири жана Ислам шариятынын улуу шарттарынан болуп саналат.
Ушул ыйык Рамазан айындагы орозонун Аллах Тааланын ааламды башкаруусуна, инсандын коомдук жана жекече жашоосуна, напсисинин тарбиялануусуна жана Аллахтын берип жаткан ырыскыларына шүгүр кылуусуна караган көптөгөн даанышмандыктарды камтыган терең сырлары бар.
Аллах Тааланын ааламды башкаруусу жагынан карагандагы орозонун көптөгөн сырларынын бир сыры мына ушундайча:
Аллах Таала жер жүзүн бир сый дасторкон сыяктуу жаратып, бардык ырыскыларынын түрлөрүн дал ошол дасторкондо
ﻣِﻦْ ﺣَﻴْﺚُ ﻟﺎَ ﻳَﺤْﺘَﺴِﺐُ
"...күтүлбөгөн жерден чыгарат..." (Куран 65:3) аятында айтылгандай, күтүлбөгөн жерден ал дасторконун жаюусу менен чексиз башкаруучулугун жана Мээримдүүлүк менен Ырайымдуулугун көрсөтүп жатат.
Инсандар наадандык пардасы астында жана себептер чөйрөсүндө ал жагдайды баяндап жаткан акыйкатты толук көрө албай, кээде унутуп коюшат.
Ал эми ыйык Рамазан айында болсо, ыймандуулар дароо тартиптүү бир аскер ордосу сыяктуу болуп калат.
Аллах Тааланын сый дасторконуна чакырылган конок сыяктуу ооз ачарга жакын: "Кана эмесе, келгиле!" - деген буйрукту күтүп жатышкан сыяктуу кулчулук мамилелерин көрсөтүүлөрү - ошол Аллах Тааланын мээримдүү, боорукер жана баарын камтыган ырайымы үчүн, кенен, улуу жана тартиптүү бир кулчулук менен жооп бергендикке жатат.
Таң калыштуу, ушундай улуу кулчулукка жана кадырлуу сый көрүүгө кошулбаган адамдар инсан деген атка татыктуу болушабы?..
Экинчи түйүн:
Ыйык Рамазан айындагы орозонун Аллах Тааланын берип жаткан ырыскыларына шүгүр кылууга караган жагынан көптөгөн сырларынын бир сыры мындайча: «Биринчи Сөздө» айтылганы сыяктуу, бир падышанын ашканасынан бир кызматчынын алып келген даам-тамактары кандайдыр бир бааны талап кылат.
Ал кызматчыга акы төлөнүп берилген болсо да, абдан баалуу болгон ал тамактардын кадырын билбей, ошол тамактарды берип жаткандын ким экенин тааныбай коюу – жеткен акмакчылык болот.
Дал ошол сыяктуу, Аллах Таала ырыскыларынын чексиз түрлөрүн бүткүл адамзатка жер жүзүндө жайып таштаган. Ошондуктан, ал ырыскыларынын акысы үчүн шүгүр кылуубузду каалайт.
Ал ырыскылардын сырткы себептери менен ээлери жогорудагы мисалда айтылган кызматчы сыяктуу. Ал кызматчыларга акы берип, аларга милдеткер болуп, атүгүл алар татыктуу болбогон көптөгөн ашыкча урмат-сый менен ыраазычылыктарды билдирип жатабыз.
А бирок, чыныгы ырыскыларды берип жаткан Аллах берип жаткан ырыскыларынан улам, ал себепчилерге караганда чексиз шүгүр кылууга татыктуу. Мына ушул ыраазычылык болсо – ал ырыскыларды түздөн-түз Андан деп билүү, ошол ырыскылардын кадырына жетүү жана ал ырыскыларга муктаждыгын сезүү менен гана боло алат.
Мынакей, Ыйык Рамазан айындагы орозо – чыныгы жана ыкластуу, улуу жана жалпы бир шүгүрчүлүктүн ачкычы болуп эсептелет.
Анткени, башка убактарда ачкачылыкка мажбур болбогон инсандардын көпчүлүгү чыныгы ачкачылыкты сезишпеген кезде, көптөгөн ырыскылардын кадырын түшүнө алышпайт.
Бир сындырым кургак нан карды ток адамдарга, өзгөчө ал адам бай адам боло турган болсо, андагы ырыскынын баалуулугу билинбейт.
А бирок иптар учурунда ошол кургак нан ыймандуу адамдын назарында Аллах Тааланын өтө баалуу белеги болгондугуна даам сезүү органы күбө болот.
Падышадан баштап тээ кедей-кембагалдарга чейин баары ыйык Рамазанда ошол ырыскылардын баалуулугун аңдоо менен руханий шүгүр кылган болушат. Жана да күндүзгү жеп-ичүүдөн тыйылуу менен: «Бул ырыскылар менин мүлкүм эмес.
Мен буларды өзүм каалагандай жеп-иче албаймын. Демек, башка бирөөнүн малы жана белеги.
Анын буйругун күтүп жатам» деп ырыскыны Аллахтын бир белеги деп билет, руханий шүгүр кылган болот. Мына ошентип орозо көптөгөн жактары менен инсандын чыныгы милдети болгон шүгүрчүлүктүн ачкычы сыяктуу болуп кала берет.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев