Урматтуу мекендештер, диндеш бир туугандар (өзгөчө РФ аймагында эмгектенип жүргөн мекендештер)
КЫРГЫЗСТАН МУСУЛМАНДАР ДИН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН МОСКВА ШААРЫНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮ тарабынан негизделген 🌱КМДБ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНДУ Москва, (МО) шаарындагы мекендештерибизди "Бир жакадан- баш, бир жеңден-кол чыгаруу максатында ынтымак- биримдикке чакырып кайрымдуулук иштерин жүргүзүүдө.
ФОНДДУН АЧЫЛЫШ МАКСАТЫ:
1- Москва шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештерибизге жардам берүү!
2- Москва шаарындагы кароосуз калган, ар кандай кырдаалдар себептүү мекенине кайталбай жүргөн мекендештерибизди өз үй-бүлөөсүнө жөнөтүү!
3- Москва шаарында көп балалуу аялдарга тамак-аш, кийим-кече жана акчалай жардамдарды көрсөтүү!
4- Жүк -200 (Груз 200).
Ушул сыяктуу дагы бир канча максаттарды өз ичине камтып, чет жерде мекендештер бири бирибизди колдоо максатында иш-чараларды аткарып келе жатат.
Аят;
"Ким бир жакшылык кылса, ага андан он эсе көп (сооп) берилет".(Аньам:160)
ХАДИС Кимде ким бир жакшылыкка себепкер болсо, аны аткаргандай сооп табат. (Муслим)
*Жамандык иште жетекчи болгуча...*
*Жакшылык иште эрчүүчү бол!*
🌱КМДБ КАЙРЫМДУУЛУК ФОНД ЖАМААТЫ жүрөгүндө ыйман нуру жанган, жакшылык иш үчүн ичкен ашын жерге койгон , Мекеним- Элим деп күйгөн уул- кыздарды кызматташууга чакырат. Кимдир бирөөгө жакшылык-жардам кылуу үчүн сөзсүз түрдө супер-герой болуу шарт эмес жөн гана алсызды көрүп билген кезде алым жетпейт деп четте карап турбоо, кайдыгерлик кылбоо жетиштүү. Кыргыз эли эзелтен адамдык сапаттар менен тарбияланып, муундан-муунга боорукер-айкөлдүктү Манас атадан бери урпактарга жетип келген. Келиңиздер биргеликте биз баарын жеңебиз!!! Кайгыда да, Кубанычта да бири-бирибизге шерик бололу....
🕌КМДБ МОСКВА КАЙРЫМДУУЛУК ФОНД
Сбербанк карта ном:
💳 4276 3801 2233 8911
Whatsapp
+79251231013
+79269399226 http://ok.ru/group/52899098198110
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2