-Эмнеге келбей журдун? Мени кутот деп ойлободунбу, же эми менин сага керегим жокпу эже?
-Эмнеге андай дейсин бир боорум озумдун, сен мага туболук керексин, болгону мен алсыздык кылдым...
-Эмне сен оз каалоон менен кетпединби, сен..сени..
Темирлан бир Нурланга, бир Айэлеске карап туруп калды. Оздору суйлошуп алсын дегенчелик кылып, Нурлан жаман дарбазадан сыртка чыгып кетти. Буулугуп аран жургон келин, Темирланды кучактап ,ушул мезгил ичинде канча ыза болсо, канчалык кусалык болсо, ошонун баарын коз жашы аркылуу сыртка чыгарды. Ал бир тууганын сагынганын эми билди. Корсо ушул мээрим жетпей жургон экен. Баарын айтты, тогулуп жатты. Иниси да коздорун жума эжесин бооруна басты:
-Эми эмне кылмакчысын, жашабайм десен айт, сен экообуздун ушунча кордук коруп чонойгонубуз жетишет, мындан ары да сенин ызаланышынды каалабайм.
Айэлес акырын курсагын кармалап койду:
-Жок Тему, мен жашайм. Балада эмне куноо, же ал да экообузго окшоп чоноюшун каалайсынбы?
-Мен тируу турбайымбы, багып алам экоонду тен? Озум суйлошоюнчу тигинин менен, кочодон жула качканын кандай болоорун корсотуп коём мен ага ?
-Тим кой, эмне кыласын жаман корунуп, жашаган мен го?
Сен да эми оз жолунду тап , ансыз да сага коп жугумду артып койдум. Эми мен жалгыз эмесмин, мен чыдамдуу эмесминби, эми да чыдай берем.
-Айэлессс?
Темирлан жинденип кирди . Эжеси жооткотуп жатып, бар акылын айтып,инисин аран тынчтандырды. Ошол куну кечке уйун тазалап, инисинин кирлерин жууп, кечкиге ысык тамак жасап койду келин:
-Кандай журосун озун?
Темирлан эжесин ормоё тиктеди:
-Коруп турбайсынбы?
-Ийй, капа болуп эркелеп койсо ушул, жон айтчы эми?
Темирландын тилин эжесинен жакшы билген адам жок. Создорунон эле эмне каалап турганын билет.
-Билбейм азыр.
-Макул озун жакшылап ойлон, мен эми бат'баттан келип турам, сен да менден кабар алып турсан болот. Сен учун ар дайым эшигим ачык.
-Ал эшик сага тийиштуу эшикпи озу?
Келин мукактанып туруп калды:
-Оо, ооба.
-Тушунуктуу. Мен эми башка адам болом эже, буйруса эми башкача жашайм. Эгер ошол эшикте сен бактылуу болсон, анда мен да бактылуумун! Аман экенсин, эн негизгиси.
Тун бир оокумга чейин экоонун созу бутподу. Инисин жалжылдай караган эжеси баарыбир кетууго туура келди:
-Барабер, ушул жолду туура корсон барып жаша. Озум коргону барам сага!
***
Анаранын келини ай'куну жетип кыз тороду. Келини бул жакта калып, атасынын, чон ата, чон энесинин, Нурайымдын кубанычы ашып тушту. Баары келиндин козун карашып, ансыз да чойрондогон келини ого бетер эркелиги кучоду. Толгоонун азабы, андан кийинки уйкусуз тундор , чыргоолонуп ыйлаган кызы аны аябай чарчатты. Бир чети кайненесин, жолдошун жаман коруп да журду. Тороттон кийинки стресс аны коп кайгыга салып койгондой.
Бирок Анара айткан созуно турду. Тороп тушкон келини, небересин эмизип гана бербесе, калган туйшук озунун мойнунда эле. Кечке кирин жууп, ороп'чулгап озу чонойтту. Нурайым болсо жерге тушурбой которот.
-Ий жаным го ушу, курсагын ачтыбы сенин?
Анаранын оз кызынын мынчалык бополоп багып жатканына уулу да ыраазы. Мурдагыдай сыртын салбай, жакшы коруп, ого бетер ага болгон сый'урматы ашты. Аялына , кызына эмне белек алса , Анарага да созсуз ала келет.
Небересин телмире тиктеп отурган аялын коруп, Азиздин журогу сыйрылып кетти:
-Анаш?
Аялы чоочуп кетти:
-Оув, бирдеме дединби?
-Куса болуп журосунбу жаным?
-Жок Азиз, болгону мен баламды ушундай эле бир ымыркай элестетем да, кандай болуп чонойду экен?
-Сени тартса мээримдуу жигит болгондур?
-Ким билет....
Аялдын козунон аккан жаш, анарлуу бетинен ылдый тоголонду.
***
Темирлан кундузу тигуу цехинде иштеп, тункусун ижарага унаа алып, такси айдап иштегенге отту. Козу ачылгандан бери ар турдуу жумуштарды аткарган ал учун, бул жумуш чымын чакканчалык деле болбоду. Суткасына 4саат, 5 саат гана уктап калган убактысын бир гана жумуш менен откорду. Кокурогундогу бир ызаны, жумуш менен кетирмекчи болду оюнда. Баш которбой иштеди. Ал бул жашоого бир гана мээнет учун жаралгандай сыягы.
Кундогудой кечки жумушу башталган. Чакырылган жерге кечирээк барып калды. Чон ресторандын алдында эки кыз кутуп туруптур. Бири чуркап келе койду:
-Байке биз такси чакырдык эле?
-Отургула кеттик!
Экоонун бирин жарым жолдон таштап отту, экинчи бийкечтин уйу бир топ алыс экен.Эч качан кыздарга багып корбогон Темирлан аны кызыга карады:
-Карындашым, суйлой отур.
Кыз уялынкы кулуп койду.
-Эмне тойго бардынбы?
-Жоок, женемдин туулган куну болчу,ошону белгиледик.
-Кандай отту?
-Жакшыыы.
-Окуйсунбу, иштейсинби?
-Окуйм, кесибим врач болот буйруса!
-Айий, жакшы кесибин бар турбайбы?
Ошентип таанышып калышты.
Темирлан эми Айэлести аз аздан тушуно баштагансыйт. Корсо озуно окшош адамды табуу озунчо башкача сезим тартуулайт тура?
Ал сезимдердин кандай болоорун эми кайталап отурбайын, белгилуу деле болуп калгандыр?.
Айтор ал кыздын артынан акмалап, кундо узатып журуп конулун алды. Баягы озун карабай жудоо жургон Темирландан элес да жок. Кызга жагайын деп озун карап, кыялын да ондоп , суйлоордон мурда ойлонуп суйлочу болду.
Экоонун башынан да жакшы'жаман кундор отту. Бирок Темирлан озунун жетим балдар уйунон экенин жашырды. Ачыгы тартынып журду. "Мен жетим балдар уйунонмун" деп, дарооле балп эттире айтып сала албайт го туурабы? Озунчо намыстанып, арына келип кетти. Азыр жон гана катардагы студентмин деп койду кызга. Ал озунун жетимдигин айып катары сезээр эле.
Кун откон сайын кыз да жигитке байланып, Темирлансыз бир да кунун элестете албай калган даражага жетип калган. Кыз анын намыскойлугун баалачу. Ата'энеси менен да тааныштырып, быйылкы кузго тойлорун белгилесекпи деп ойлонуп журушкон.
-Тему, журу айланып келели,же сенин жумушун барбы?
-Макул журу, жумуш кутуп турат.
Темирлан бугунку кунду атайын ичиндеги создорду айтып алайын деп тандап алды:
-Азыр сага бирдеме айтсам, менден капа болбойсунбу?
-Оболу айтып корчу?
-Кетип калбайм деп соз бер!
- Макул айт эми?
-Чындыгында мен эч кандай студент эмесмин жаным! Менин ата'энем да жок, жетимдер уйундо тарбияланып чонойгомун. Ал жерден чыккандан бери оз арбайымды озум согуп журом. Айды этек менен жабууга болбойт экен баарыбир. Ошондуктан ачыгын айтып жатам. Бирок мен сага соз берем, мен сени эч нерседен кем кылбай багып алууга кудуретим жетет. Акча топтоп койдум, азырынча кабат уйлордон ижарага уй алып жашап турсак, дагы иштесем, анан озубузчо уй алып чыгып кетебиз.
Кыз унчукпады. Ал да оюнан коп нерсени заматта откоруп жибергендир:
-Тему эми кеч, мен сени алда качан тандап бутком!
Бул созду укканда жарым конул жигиттин кубанганын сураба! Омурундо мынчалык чекеси жарыла суйунбогондур. Кыздын ничке белинен имере тартып оозунан ооп алды:
-Рахмат сага!
Андан коп отпой Темирлан башка уйго кочууго кам урду. Коп деле жугу жок болгондуктан, бат эле жыйнап койду. Кочуп барып, анан эжесине барып келууну ойлоп жургон. Унаага кор дуйносун ташып жаткан эле. Уйдун тушуна акыркы улгудогу капкара унаа келип токтоп, ичинен бир жигит тушту. Темирлан аны бушуркой карап, каерден кордум эле дегенчелик кылып, копко тигилип калыптыр. Аа эстеди, бул баягы Айэлести жандап жургон жигит эмес беле? Он колу гипстелип, мойнуна асылуу, бир колунда балдак. Балдагына салмагын сала, сылтып басып Темирландын жанына келди:
-Кандайсын жигит?
-Кимди издеп журосун?
-Бул жерде бир кыз жашайт эле, аты Айэлес. Мен аны коптон бери издеп журом. Бир нече жолу келгенимде эшик кулпулануу турган. Сен бул уйдун ээси болосунбу?
-Аны эмнеге издеп журосун?
Жигиттин коздору кубанычтан жайнай тушту:
-Сен аны кайда экенин билесинби?
Темирлан азыр ага суйлоп да, тушундуруп да отуруунун пайдасыз экенин сезип турду. Кайдыгер жугун салыштырып кирди:
-Мен билбейм,ал бул жерде жок, бул менин уйум.
-Жок, ал ушул жерде жашайт болчу,мен так билем.
-Билсен эмне экен, азыр жашабайт!
-Билсен айта берчи жашырбай, мен аны менен жолукпасам болбойт?
-Сен ким болосун ага?
Жигити саамга жооп бере албай, кайра шыр улап кетти созун:
-Мен анын жолдошу болом!
Темирлан аргасыздан кулуп жиберди:
-Анын бир эле куйоосу бар, аны мен тааныйм. А бирок байкеси, сени анык тааныбайм.
-Ыя? Ал эмне турмушка чыгып кеткенби?
-Ооба.
Тиги энгирей тушуп, колунан балдагы тушту. Темирлан жолоп калбаса жыгылып кетмек:
-Эй сага эмне болду, абалын жакшыбы, кел отурчу мындай!
Экоо тунжурап копко отурушту. Темирландын айтканын уккан жигит башын жерге салды:
-Ошол кундун эртеси болчу. Ата'энемди башка шаарга алпарып келмек болчумун. Аларды таштап, кой десе болбой кеч куугум жолго чыккам. Оюмда Айэлеске жолугуп коюп, анан уйго бармакмын. Кан жолдо кырсыкка учурадым. Куноокор озум, шашып келе жатканыман, алдыдагы чон жук ташуучу унааны ашып отом дегем. Алдына тушууго улгуро элегимде бет мандайыман унаа келип мени сузду. Унаанын кайыган уну, козумо чагылышкан жарыктан башкасы эсимде жок. 18 кундон кийин, жандандыруу болумундо озумо келдим. Бул кабарды укканча ошондон нары узай берсем болмок. Эми ал менсиз кандай жашайт болду экен, а менчи? Мен эми тируунун олугу болуп каламбы?
Темирлан аны далыга таптап туруп кетти. Эгер суйуу анын башына келе элек болгондо, адатынча орондоп, муну менен айтыша кетмек. Бирок ал тушунду, жигитти жайына койду. Унааны айдап акырын кете берди, ал жигит бет алдын максатсыз тиктеген бойдон ордунда катты.
Айэлестен кабар алмак болуп, жол алыс болгондуктан тан эрте жолго чыккан Темирлан, туш оой аран жетти. Кенен короонун ортосунда кунумдук тирилиги менен жургон Айэлес инисин коруп , кубанып алды. Кыз баланын артынан сурап барган бироо болсун да. Темирланга уйруло тушуп, бар тамагын алдына койду. Аны кучактап, жузунон ооп учурашканын коргон кайненеси жаман коздору менен карап, Нурланга суйлонуп алды:
-Эмне мынча бу келин? Дени'карды соо эле жургон немелер бекен, артынан бери издеп келип жургонуно караганда бир мандеми бар?
Нурландын кабагы бурколо тушту:
-Ал эмне дегенин?
-Бир тууганым деп , сени алдап жургон болсо эмне кыласын, ата'энеси деги жок болсо, эптеп оз жанын багып жургон кыз болсо, сага чейин эмне болду ким билет. Тарбия корбогондор ошондой болушат, сен ишене бер мага!
Эх адамдын ичи тарлыгы, коро албастыгы ай!
Темирлан Айэлестин мурдагы назик, аппак жузуно дактар тушуп, коздору болсо кусалыктан киртейе тушконун байкады. Келбейин деген, бирок эми кочуп кетип калса, ошол бойдон дайынын таппай калабы деп, ичи тутпой келген эле:
-Корунушун жакшы эмес эже?
-Аял киши ошондой бат женилет да Тему, айылдын турмушун мурда жашап корбосом анан?
-Баарыбир озунду жакшы кара, эми мен келе албайм эже, башка уйго кочуп оттум. Кузундо бир адамга баш кошом, буйруса ошондо барасын озун?
Айэлес кубанганын жашырган жок:
-Убакыттын отконун кара..
-Эми экообуз тен оз жолубузда дегени турасынбы?
-Ооба. Мен омур бою бир'бирибизди кое бербей, комкордук кылып жашап отобуз дептирмин?
-Андай эмес бекен эже?
-Корсо андай эмес экен.
-Мен сени ойлойм Айэлес, жашоон тынч болсун дейм, сен озун тандабадынбы бул жолду?
-Артка жол жок эми, балким жакшы кундорубуз алдыда чыгаар?
Иниси бая куну издеп келген бир шордуу жонундо айтайын деп оозун таптып барып, кайра унчукпай калды:
-Кош эми!
-Кош!
Темирлан кетти. Бирок бир тууганынын жашоосу ойдогудай эмес экенин билип эле турду.
Айэлес да жашын ичке жута коштошуп кала берди. Эми анын оз жолу, озунун турмушу бар экенине суйунуп,ичинен чын журогунон бакыт каалап жатты.
Ай'кунуно жеткен курсагы оорлошуп, акыркы кундору кыйналып жургон келин. Бугун уйдо жолдошу жок болгондуктан эрте жатууга кам урду. Нурлан акыркы кундору кеч келе турган болду. Ошондуктан аны кутпой деле калган. Эмне болуп оролоруна суукчулук тушту билбей бушайман:
-Женоо?
Короодон Нурландын инисинин унун угуп, денеси жыйрыла тушту келиндин:
-Жене уйдосунбу?
-Ии кел!
Ооз учун аран кыбыраткан келин болмосуно шашып жоноп калды. Тиги жон турмакпы, адатынча жылмая , ашканага кирди:
-Курсагым ачты, бирдемен барбы?
Кечки тамакты жылытып, чай коюуга киришти. Озунчо эле колдору титиреп, коркконун билдирип алды:
-Эмне болду сага жене?
-Эч нерсе , азыр..
-Кел жардам берейин озум сага!
Ал ордунан тура келип, келиндин артынан кучактап, билектеринен кармады:
-Менден эмнеге коркосун?
Келин кыйкырууга камынды эле, ага улгуртпой оозун жаап алды. Жаагын карыштыра кармап, кулагына шыбырады:
-Унунду чыгарба! Сени коргон кундон бери менде тынчтык жок, кайда журсом да сени энсей берем, эмне сыйкырын бар сенин? Эмнеге бул жашоодо Нурлан ар дайым менден алдыда журот? Эмнеге? Сен болсо бир да жолу менин коз карашыма жооп бербейсин? Айтчы , Нурлан ошончолук зорбу?
Суйлоп жатып,коздорун жума мойнунан опкулоп кирди:
-Деги кандай жансын сен, мени мынчалык арбадын?
Келин тыбырчылап колун бошотууга аракет кылганда, чыгып турган курсагы столдун кырына тийди. Капыстан кайненеси кирип калбаганда эмне болот эле ким билсин:
-Бул эмне деген шумдук ыя?
Уулу дароо артына бурула, келинди кучактап турган колдору бошой тушту:
-Апа?
-Эмне кылып жатасынар?
Айэлес кыйкырууга дарманы келбеди, эрди когоро тушту да, жерге кулап тушту. Эне'бала экоо тен коркуп кетишти:
-Бети жок десе, мындайлардан коркуш керек дебедим беле, чакыр "Тез жардамды" эмне турасын жылдырап?
Айэлес оор абалда ооруканага жеткирилди. Озуно келе албагандыктан, баланы операция жолу менен алууга аргасыз болушту.
Оорукананын эшигин сагаалап Нурлан турат. Иниси менен апасы эч нерсени билбегендей тымпыйышат. Узун коридордон бироонун чуркап келе жатканы угулду.
Ким болуп кетти? Айэлестин артынан келе турган жападан жалгыз эле бир инсан бар го?
Темирлан жетип келип эле Нурланды жакадан алды:
-Эмне кылдын айт, эмне кылдын эжемди?
-Мен эч нерсе кылган жокмун, эмне кыйкырасын? !
-Айэлес жашасын деп тиле, эгер ага бирдеме болчу болсо, сени да аны менен кошо, тируулой жерге комом!
Бир ордунда тура албай, улам чекесин кармап коет, Нурланга ызырынып, жини келди.
Уч кун ошол жерден жылбай кутуп отура берди. Ооруканага кеткен чыгымдарды да баарын озу толоду.
Баланы ,Айэлестин кардын кесип алышса да сактап кала алышпады. Бул жарыкта эки кун эле жашаган наристе чарчап калды. Бул жлн эле тагдыр чыгаар? Тортунчу кун дегенде туш оой врачтар кабар беришти:
-Эмне болду, тируубу?
-Ооба, озуно келди, коркунуч артта калды!
Баарынан мурда жулунуп Темирлан кирип кетти. Ондон кетип бозоруп, козунон жаш сызылып жаткан Айэлести коруп , ичи сыйрылып эле турду. Колунан кармап, чекесине колун койду:
-Эже, мени коруп жатасынбы?
-Келдинби Тему?
-Кантип келбей кое алам?
-Эми келбейм дебедин беле, созуно турушун керек болчу?
-Озунду жакшы сезип жатасынбы, каерин ооруп турат?
-Мен жакшымын, балам кандай?
Темирлан коздорун ала качты:
-Балан жакшы, эне болушун менен куттуктайм!
-Рахмат сага!
-Баса сага да жанылыгым бар, буйруса жакында мен да ата болом?
Эжесинин мундуу жузуно кызыл жугурду. Инисинин колун бекем кысып алды:
-Кечээ озун бала болчусун, эми мынтип кадыресе чоноюп калыптырсын. Мен сени дагы деле ошол кичинекей бала бойдон коруп журо бериптирмин Тему? Ылайым бакытын туболуктуу болсун!
-Айэлес, айтчы жашырбай, эми деле кеч эмес, эмне ооруп журосунбу?
-Тему, эми мени кой, менде баары жакшы, бир жамандык болуп кетсе, биринчи сага айтпайт белем, уйуно бар эми, сени кутуп отургандыр келинчегин? !
Темирлан баштыктагы аппаратты эжесинин колуна карматты:
-Мына бул сага, керек болсом байланыш, биротоло озун менен озун болуп кетпе! Дайынынды билдирип тур, мен кеттим!
Сыртка чыккан Темирлан коз кычыгына келген жашын суртуп алды. Алдынан чыккан Нурланды жек коро карады:
-Кудайга айтканын бар экен, бирок эжемдин куноосуз кеткен наристеси учун сен жооп бересин!
-Сен ким болуп кеттин мени тескегендей, же чындап эле эжен экоон соо эмессинби?
Темирландын таноосу кыпчылып, жаны чыга тушту:
-Эмне-ее?
-А эмне уурулугун кармалып калдыбы?
Муштуму туйулуп, Нурланга которулуп барып, дубалды бир муштап алды Темирлан:
-Эркек эмес экенсин!
Нурланды коргон Айэлес акырын жузун буруп кетти. Жанына отурган жолдошу башын жерге салды:
-Айэлес?
-Сен мени бактылуу кылам дебедин беле?
-Кайдагы бакытты айтып жатасын, же менден башкадан издеп кордунбу ошол бакытты?
-Мага ишенбейсинби?
Аялынын мойнундагы кызарып турган жерлерди, колу менен басып корсотту Нурлан:
-Мына буларды коруп, мен кантип ишенем сага?
Ошол кунду эстеп, чыйрыга козун жумду келин. Жолдошун, огой апасы жоктон барды токуп, тири укмуштуудай создорду айтып, озу уулун актап, бардык куноону Айэлеске оодара салып, Нурландын акылын буруп, аялына болгон ишенимине суу сээп, жылуу сезимин очуруп койгонун кайдан билсин:
-Бир аз эртерээк келгенинде ушундай болмок эмес?
-Эми актануунун кереги жок, мындай дартын бар экен, башында айтсан болмок? Сенден жашырып отурбайын, бала да чарчап калды?
-Нурлаан, сен эмне деп жатасын? Ал экообуздун тен балабыз ?..
-Ким билет...
Айэлес буркурап ыйлап жиберди. Наристесин ушунча убакыттан бери кутуп, бар азабына чыдап, эми бооруна басып, ак сутун берээрде ажырап калганына ишене албай турду. Озогу орттонуп жатты. Жанында туруп, "мен жанындамын" , деп, жубата албай Нурлан турат. Адамдын кара озгойлугун ушундан билиниз, кечээ эле бир жакшынакай жашап жаткан бул уйбулонун ынтымагы, ушул коро албастыктын айынан ыдырап кетти.
-Эртен уйго чыгарат экен, даярдан, озум алып кетем!
"Кетпейм" деп айта албай келинчеги калды. Ал менен кетпей кайда барат? Барса дагы ошол абал кайталанса кантет, кимге барып арманын айтат, айткан кундо да ага бироо'жарым ишенеби десен?
Ошол бойдон Темирлан келбеди. Айэлестин кабарын телефон аркылуу билип турду.
Жумушу канчалык коп болбосун, уйуно шашып келет. Кош бойлуу келинчеги ар куну ар нерсени жегиси келип, эркелеп турган убагы.
Жумушу да бир топ ийгиликтуу болуп, кечээ куну барып, жубайы жактырган унааны сатып алган:
-Мен келдим жаным?
Жадырай кулгон аялы чуркап чыгып мойнуна асылды:
-Бугун эрте келипсин го, журу айландырып келчи?
-Маакул, менин туюкбайым кандай, чоноюп атабы?
-Ии, сени кутуп отурабыз, бизди жаны унаасына качан салат экен деп?
-Журу анда! Бирок арткы орундукка отурасын?
-Эмнеге экен?
-Жанымда отурсан, сени карай албай калам да суйуктуум?
-Сенин айтканын мен учун мыйзам Тему!
Жаны унааны сонуркап, копко журушту. Куйоосун колтуктаган келинчеги, бугун озгочо ажарлуу эле. Улам жаркылдай кулуп, Темирланды ооп алат.Кеч болуп кеткендиктен, эми уйго кайта турган болуп, чон жолго бурула бергенде мандайынан келе жаткан чон унаа , арткы орундукта отурган келинчеги тараптан, Темирландын унаасын коюп кетти. Бул корунуш коз ачып жумганча болуп отту. Унаа эки тегеренип, жолдон чыгып кетти. Рульду башкара албай калган Темирлан, келинчеги тарапты бир карап алууга улгурду. Эсине келип эле , жанталашып сыртка чыгууга аракет кылды.
Арткы эшик ачылбайт, терезе талкаланып кеткени жакшы болуптур,Темирлан ошол жерден сойлоп кирип, канга чыланган аялын бери коздой тартты:
-Жалгызым, берекем менин, козунду аччы, коркутпачы мени?
Заматта адамдар топтолуп кетти. Жетип келген "Тез жардам" унаасындагы дарыгерлер Темирланды да, аялын да салып жоношту. Озу анча жабыркабагандыктан, Темирлан аялы салынган каталка менен кошо жугурду:
-Гулум менин, таштап кете корбо!
Бирок адам баласы каалагандай боло бербейт тура? Темирландын келинчеги оор операцияны которо албады. Башын жерге салган дарыгер чыкты:
-Балам, сабырдуу бол, баарыбыз Жараткандын колундабыз. ..
Суук кабардан Темирлан жер таяна жыгылды:
-Эмне учун, кайсы айыбым учун!
****
Бул суук кабар Айэлеске да жетти. Телефонду колуна мыкчыган бойдон козунон жаш куюлуп жатты:
-Оо Жараткан, эмнебизден жаздык эле сага?
Жанында сынай караган Нурлан аста ун катты:
-Эмне болуптур?
-Тему жол кырсыгына кабылып, келинчеги коз жумуптур.
-Озу жакшы бекен?
Нурландын суроосуна жооп бербеген келин, бир чекитти тиктеген бойдон телмирди:
-Нурлан, мен азыр анын жанында болушум керек?
-Эмнеге?
-Сен кызык экенсин го, эмнеге дегенин эмнеси?
-Жанында болсон эмне жардам корсото алат элен, олгон олду, кеткен кетти. Сен барсан тирилип келмек беле?
-Ал менин бир тууганым, азыр ал жалгыз?
-Койчу ушу бир тууганым дегенинди?
Айэлес тартышып отурбады. Кийинип, ошол замат жолго чыкты. Мейли, адамдар эмне десе дей берсин. Себеби ар ким озунун денгээлине жараша ойлонот. Бул жашоо канчалык кенен болбосун, ар пенде аны оз карышы менен олчойт.
Жол катар коз жашы токтобой келди. Темирланга жолуга элегинде дарыгер аны тосо чыкты:
-Айэлес сизби?
-Ооба мен,эмне болду?
-Темирлан сизди келет деп айткан эле, сиз кимиси болосуз?
-Мен , мен эжеси болом!
-Журунуз мени менен! Келинчегинин олуму жигитке катуу тийди. Азыр тынчтандыруучу дары берип койдук, бир саатта озуно келип калат.
-Айтынызчы, эмне болуп кетти?
Дарыгер эмне болгонун тушундуруп келип, акырында муну айтты:
-Келин кош бойлуу болгон, курсагындагы бала 4 айдан отуп калган экен. Кечээ жакында эле текшеруудон отуп, уул экенин билишиптир. Эми сабыр кылгыла кызым, бул да болсо Жараткандын буйругу, биз ага каршы чыга албайбыз.
Келин ыйлагандан башкасына жарабады:
-Темирланчы, ал жабыркабаптырбы?
-Жарааты ото катуу эмес. 1,2 кун биздин козомолубуздо болуп турсун, анан уйго жооп беребиз!
Кечээ эле бозоруп озу жаткан керебетте бугун иниси жатты. Аны эмне деп жубатаарын билбей эжеси турду. Азыр ага бир соз аз, эки соз ашыкча.
Темирлан козун ачып, мандайындагы жузу жашка жуулган Айэлести корду. Короору менен бошошуп , озун кармай албай шолоктоп ыйлады:
-Эже келдинби, акыры келдинби? Карачы,мен дагы жалгыз калдым? Мен учун узун тундор кайрадан башталды.
-Ыйлаба Тему?
-Ыйлайм, мени сооротпо бугун! Кайсы кылган куноом учун эже айтчы? Эми мына бакытка жеттим дегенде, муну да менден алып койду, ушундан коро мени алса болмок Кудайым. Эмне учун айтсан!
Али жарыкчылыкты коро элек перзентим да кошо кетти, эми менин бул жашоодо кимге керегим бар, кимди деп жашайм эми?
-Мен бар эмесминби Тему, болду эми озунду жоготуп коесун дагы?
-Айэлес? Деги бизди каалап эле бул жарыкка алып келишти бекен? Менимче андай эмес. Сени билбейм го , бирок мен алар учун туйшук жараткан болсом керек, ошондуктан мени таштап кетишкен, болбосо эмнеге мынча менин жолум жок?
-Мени билбегендей эле, озунду да билбейсин, Жараткандан чон суйлобочу, балким жакшы кундорун алдыдадыр?
-Койчу ушу сен? Калп эле мени соорото бербечи, эми кандай жакшылык болсун мага? Мен балалуу болсом аны таштап кетпейм деп соз бергем озумо. Бирок алар экоо тен бирдей кетип калышты менден. Эми аны сагынсам, коргум келсечи? Элестетсен, барып коро албайм да? Мен таштанды болуп жаралгам, эми омур бою ушундай жашайт окшойм?
-Тему дейм, токтот дедим сага!
Айэлес Темирландын келинчегинин жазасы окулуп, иниси озуно келгенче жанында болду. Кайгыдан мункурой жашын токкон бир тууганын коргондо сай'соогу сыздабай кое албады. Канчалык аракет кылбасын, иниси озун таштап койду.
Эч кимге суйлобойт. Жумушка чыгуусун кесиптештери келип суранса да барбай койду. Аялынын кулуп тушкон суротун тиктейт да, аны менен суйлошуп отура берет. Бул абалдан кандай алып чыгып кетээрин билбей Айэлестин да канырыгы тутоду.
Акыры дарыгерине алып барып корсотту. Аны текшеруудон откоргондон кийин, Айэлес озу жалгыз кирди врачтын алдына.
-Абалы кандай?
-Ал азыр озу ушундай жашоону каалап жатат. Эгер озу каалап бул абалдан чыкпаса, сенин аракетиндин пайдасы жок. Менимче азыр ага жалгыз калган жакшыраак. Сени коруп, мумкун ого бетер чогуп кетуусу мумкун. Ошондуктан азырынча жайына кой. Убакыттан откон дары жок кызым!
Айэлестен айла кетти.
Темирландын болмосуно кирсе, тетири карап жаткан экен. Шыбышы жок жанына келип отурду:
-Тему, олгондун артынан олмок жок, эми озунду колго алсан боло?
-Мени жубатпа дебедимби сага?
-Мен кетейин, балким сага ушунусу жакшы?
-Кет, сенин кетээринди сезип эле жургом, кете бер, менин эч кимге керегим жок!
-Анда эмнеге менин айтканымды укпайсын?
-Угууну да каалабайм, жаман кором сени!
Келин жооп кайтарбады. Врачтын айтканын туура коруп, эртеси тан эрте кетип калды. Темирлан ордунан да козголбоду. Баягы мээримдуу инисинин ордунда башка эле бироо жаткандай сыягы.
Бирок тутпой койду. Баарыбир эжесин жакшы корот. Эртеси эле конгуроо чалды:
-Жакшы жетип алдынбы?
Инисинин озуно келип, кадыресе суйлоп калган унун угуп, бир тууганы кантип кубанбай койсун:
-Боорукерим озумдун!
Албетте омур бою мындай жашоого болбойт эмеспи. Убакыт оз каалаганын алат баарыбир. Дарылагысы келгенин дарылайт, дарылабаса улам кайра эстетип , азаптай берет.
Темирлан да бул азаптан кутулуу учун жылдарды сарптады. Эн оболу, аялы экоо жашаган уйдон кетип калды. Башка жерден озуно жер тилкесин сатып алып, ошол жерге курулуш баштады.
Оюнун баарын акча табууга жумшады. Озу мурдатан эле ошондой эмеспи, эми азыр андан бетер кучоду. Озуно ойлонууга да мумкунчулук бере койбойт. Чарчап келип, азаптуу тундордун далайын откорду.
Бирок жалгыз калдым дегенче ойго батып кетет. Шаардын ар бир кочосу, ар бир имарат, ал тургай адамдар да аялын эске салып туруп алды.
Озунун кабыргасы менен кенешип отуруп, акыры баарын таштап баса бермек болду. Мумкун ошонусу жакшыдыр...
-Айэлести коро кетейин, мени эстеп дагы кайгырып журбосун эжем!?
***
Уйбулодогу абал озгоргон. Нурлан жалган создорго ишенип, Айэлести эзе берчу болду. Тун бир оокум болсо да ичип келип алып, аны суроолорго комо берчу. Ичинен эзилген келин арыктап, солу эле калды. Жакшы да айтып корду, ыйлап , жалдырап да корду. Мындай эзме адамдарды озуно ишенбеген адамдар деп айтуу керек. Башка эмне дей аласын? Болбосо айдай келинчегинин ак экенинен эмнеге шек санайт?
-Мен сенин аруулугуна ишенгем?
-Нурлан жатып эс алчы?
-Кое тур эс алганды. Мени уктатып коюп, дагы анын коюнуна кирмекчисинби?
-Сен чарчагансын, азыр жатып укта, анан суйлошобуз!
Бул бир эле корунушу. Болбосо кун ара ушул азап башталат. Бугун кудай жалгап , журок заарканткан корунуш жок. Анын кун алыс башка бироонун уйуно туноп жургонуно Айэлес жедеп конуп буткон. Кубур'шыбыр, айыл аралаган ушактарды угуп, аны кулагынын сыртынан кетирет. Келин учун бул создордун мааниси деле жоктой.
Мончону жылытып, жуунмакка суу даярдады. Уйдо оорукчан кайнатасынан башка эч ким жок эле. Анын да тамагын даярдап берип коюп, кыйкырса укпай калбайын деп, короону караган терезенин пардасын ачып,эшикти да бир аз кыңкайтып койду:
-Ата, керек болсом катуурак кыйкырыныз э, мен жуунуп алайын дегем?
-Макул балам, барагой!
Эч кимге зыяны жок ал, келинин алкап койду.
Мончого кирип, кийимдерин чечип, узун чачын жайды. Ысык тамчылар анын аппак денесине чачырап, озунчо эле периштенин элесин бергенсийт. Самынды кобуртуп, ырахаттанып жуунуга киришти.
Бирок келин, озун эртеден бери айланчыктып, сырттан кузотуп жургон ошол шылуунду сезген жок.
Батыраак жуунуп алып, Темирландын келишине тушку тамак асып коеюн деп ойлоп жаткан.
Капыстан "шып"этип Нурландын иниси кирип келди. Ичинен кулпуланган мончонун эшигин кантип ачканын ким билсин. Айэлес бакырып жиберип, кайда качаарын билбей, уяттуу жерлерин тосо калды:
-Акмак, жакындай корбо!
-Хе, эми сага жардам берээр адам жок, бас бери!
Адамдан ыйман кеткени ушул беле, арман ай!
Анын кучтуу колдору илбиреп аран жургон келиндин каршылыгын тоотуп да койгон жок. Тырпыратып басып алып, озу каалагандай уйпалап, коздогон максатына жетти. Бир озунон кете, кайра эсине келип, чучуктай чынырган келиндин унун угуп койгон жан болсочу аттин!
Тиги шашпай шымын кийип, улам кыйкырып жаткан Айэлести жаактан ары салып калды:
-Унунду которчу болбо, эгер мен жонундо бироо жарымга айтчу болсон, жанындан умут кылба!
Келиндин мурдунан каны агып, когоргон денесин коруп, тамшана кулуп алды :
-Эмне учун Нурлан сенден баш тарта албай жургонун эми билдим, корсо аябай таттуу турбайсынбы?
Эшикти эми ачып чыга берээринде, Нурландын оорукчан атасынын сойлоп босого келип калганын корду. Таягына таянып, ойдо боло албай жатыптыр:
-Атандын оозунурайын акмак, берген аш'тузум урсун сени, кантип оз бир тууганындын жузуно бутунду койдун?
Ал коркуп кетсе да сыр билгизбей аны аттап отту:
-Эй старик, ал качан мага бир тууган болду эле?
Ошол маалда дарбазадан Темирлан кирип келе жатканын коруп, тиги бети жок кайсалактап калды. Бир туугандык сезими менен бир жамандыкты сезген Темирлан чуркап эле кирип келди:
-Айэлес кана?
Жерде боортоктогон атасы киркиреди:
-Балам, мына бу акмакты карма!
Аны уккан Нурландын иниси качып жоноду. Алгач эмне болгонун андап жете бербеген Темирлан оболу эжесин издеди. Эшиги анырайып ачык калган мончону коруп, журогу "шуу" дей тушту. Чуркап кирип барды, ал корунушту коруп, коздорун жумуп алды. Шашкалактап чон сулгуну алып, Айэлести орой койду:
-Эмне болду сага жарыгым, сени ким бул абалга салды?.
Айэлес шалкылдап, кайда которсо ошол жакка оойт. Аны таштай салып, эшикке атып чыкты:
-Кана ал, кайда качты?
Атанын колун шилтеген жагына карап, анын артынан жугурду:
-Токто дедим сага, канынды ичем токто-оо!
Кочого качса элдин алдында шерменде болоорун ойлодубу, айтор ал короонун арткы эшиги менен уйду коздой качты. Болмого кирип бекинем деди окшойт оюнда.
Куйугуп жете келип, аны муунта кармады:
-Олбогон жерде калам, мен сага корсотуп коем бироонун аялына коз артканынды?
Желкесинен судуроп кармап, уйго алып кирип, былчылдатып сабап кирди. Ал колу менен бетин тосууга аран жарап жатты. Эсине келген Айэлес устуно койногун кийип,бирок мончонун эшигинен эле чалыштап жыгылды:
-Тему токто, колунду ыпылас адамдардын каны менен булгаба, токто дедим сени?
Ал сенин тенин эмес!.
Каны кызып, козу карышкырдын козундой кызарган Темирлан аны укмак беле:
-Мунун ажалы менден экен. Омур бою окунуп откончо,муну биротоло тынчытайын, мэ сага!
Колунун кычуусу канганча сабады жер жуткурду. Коз алдында Айэлестин кордолгон, жыланач денеси!
Анан эле эшиктен кирген огой эненин уну кудайга жетти:
-Оо эл журт жардамга, олтуруп жатышат!
Кошуналар чогула калышып, бироосу "Тез жардамга" чалып жиберди. Айэлес менен Нурландын инисин дарыгерлер, ал эми Темирланды милиция кызматкерлери алып кетишти.
Азыр эле тынчтыкта турган айыл эли заматта удургуй тушушту. Бул кабар желдей тарап,кочонун башынан аягына жетти.
Уландысы бар..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 136