Предыдущая публикация
Ой басып олтурамын узун түндө,
Оорусу жүрөгүмдүн күчөп күндө.
Муңканып жай чертилет комуз кылы,
Махабат, сезимдерди салып күүгө.
Жан дүйнөм тынч алса да чечимиме,
Жүрөгүм сагынычтан эзилүүдө,
Узун түн кирпик какпай кусаланам,
Уктабай үмүт артып кезигүүгө.
Арыла албай турам түркүн ойдон,
Арманым көөдөнүмө көлкүп толгон.
Уйпалап көңүлүмдү ырлар жазып,
Уктабай ар бир түнү таңды тосом.
Ызалык, туталануу коштоп алган,
Ыйлаган сезимимди ырга кошом.
Жазган: Жыргалбек Усенов. 20.09.2025.
04:06 Москва
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2