Сөздөрүңдөн куштар сайрап жаткандай,
Сен жылмайсаң айыл таңы аткандай.
Ашыкканда сен тарапка сезилет,
Айылыма шашып бара жаткандай.
Арзуум күчөп, көңүл балкып турамын,
Ак сүйүүгө толуп менин кучагым.
Асылкечим көрүп сенин көзүңдөң,
Айылымдын мөлтүр тунук булагын.
Кучагыма кысып сени эзилем,
Кубанамын аруу, таза сезимден.
Жуткан сымал айылымдын абасын,
Жүрөк толкуйт аптап урган демиңден.
Көркөмүңдү карап туруп ойлонбой,
Калгым келет мен жаныңда козголбой,
Кереметин, сулуулугун айылдын,
Карлыгачым сага катып койгондой.
Көргөн сымал Корулумду өзүңдөн,
Көркөмүңө карай берем көз тойбой.
Жазган: Жыргалбек Усенов. 28.07.2025.
19:48. Москва.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 1