Предыдущая публикация
Өкүнүч, арман жүрчү эле коштоп,
Өчүрдүң аны, сүйүүмдү козгоп.
Өткөрөм жаным өмүрдү сен деп,
Өзгөнү эмес, өзүңдү ойлоп.
Өрт болуп сезим жалындап күйүп,
Өксүбөй азыр жадырап күлүп.
Өмүрдүн турам кызыгын сезип,
Өзгөнү эмес, өзүңдү сүйүп.
Өзүң бар үчүн жашоомду кооздоп,
Өкүбөй калдым муңканып боздоп.
Өмүрдөн жаным өтөмүн эми,
Өзгөнү эмес, өзүңдү ойлоп.
Өр тартат өмүр, жаныңда жүрүп,
Өзүңө жаным башымды ийип.
Өмүрлөш кылып ардактап өтөм,
Өзгөнү эмес, өзүңдү сүйүп.
Өзүңдү ойлоп, өзүңдү сүйүп.
Жазган: Жыргалбек Усенов. 27.07.2025
02:14 Москва.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 6
Сапырылып санаалардын саамайы,
Апаат болду ойлорумдун тизмеги...
Кылым изин басып койгон мүнөзүм,
Сенсиз эле жашаганды үйрөндүм.
Курган жүрөк кусалыктан куурады,
Келбешиңди билсем дагы издеймин...
Карааныңды жоготтумбу Каралдым,
Сенсиз эле жашаганды үйрөндүм.
Тунук булак шыңгыр үнүң жаңырат,
Таалайсыздын тагдырына кайдыгер...
Таппай келем, издей берем өзүңдү,
Сенсиз эле жашаганды үйрөнөм.
Салыштырбайм мүнөзүңдү өзгөгө,
Сен жолуккан күндөрүмө байланам...
Кеткен болсоң карааныңды узатып,
Сенсиз эле жашаганды үйрөнөм.
Токтолбогон өмүр суудай шар аккан,
Тагдыр мага сыртын салып ыйлаткан...
Сагынычтан сага жетпейм, арманым,
Сенсиз эле жашаганды үйрөнөм...