Токмокто өгөй баласынан токмок жеген ата ооруканага түштү
Чүй облусунун Токмок шаарында 46 жаштагы эркек киши өгөй баласынан токмок жеп, ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 10-июнда Токмок ШИИБге Токмоктогу 1-кичи райондогу үйдө үй-бүлөлүк жаңжал болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, милиция кызматкерлери жерине барышкан.
Саат 01:30 чамасында 2004-жылы туулган жигит менен 1979-жылы туулган өгөй атасы урушуп кеткени аныкталган. Кесепетинен өгөй ата сабалып, ооруканага түшкөн. Милицияга жабырлануучудан арыз түшкөн эмес. Окуя боюнча соттук-медициналык эскпертиза дайындалган
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 12
Эркек бала энесин оз атасынан башкага беришин каалабайт...
Эч кимге билдирвей