Пейилим бар, бар сырымды айта бермей,
Эч кимден эчнерсени жашырбаган.
А бирок жан адамга айта айлбаймын,
Жүрөктө бир ырым бар жазылбаган.
Кабагын бүркөп алган адам сымал,
Жарк этип нуру жайнап чачылбаган.
Күн сымал жашырынган булуттарга,
Бир ырым бар көөдөндө, жазылбаган.
Себебин издеп келем таба албай,
Жазууга эмнегедир даай албаймын.
Жүрөккө эргүү келип турган менен,
Ал ырымды билбеймин, жаза албаймын.
Түйшөлтүп кээ түндөрү уйку бербейт,
Сүйүүнүн сыры сымал ачылбаган.
Санаага салып мени кыйнап келет,
Ошол ыр жүрөктөгү жазылбаган.
Бир өмүр кыйноо берип жүрөгүмдө,
Калат окшойт ошол ыр, жазылбаган.
Жаратман: Жыргалбек Усенов. 24.01.2025.
22:03 Москва.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 2