Бул тууралуу журналист Баяна Кулова социалдык тармактагы баракчасына жазды:
«Азан айтылып жатса кыз зордуктоого аракеттенип 😡😡😡
Кечинде курбум экөөбүз ооз ачаардан кийин Сарахси мечитин айланып басып жүргөнбүз. Анан эле алдыбыздан жашы улуураак эле эркек киши жаш келинди сүйрөп чыкты. Биз аны үй-бүлөлүк уруш го деп тиги кишини акшырая карап өтүп кеткенбиз. Мечиттин артындагы домдорго жетип тигилер бурулуп кетишти. Бир аз басып биз дагы бурулдук. Аңгыча бетондордун арасынан «Помогите-ееее пожалуйста-аааааа»-деген үн чыкты эле экөөбүз тең алаңдап издеп бетондорду аралап жандарына келдик. Биз кыйкырып жиберсек кызды түртүп ийип качып жөнөдү. Биз аны тургузупкайра кылмышкердин артынан чуркадык. Курбум милицияга кабар берди.
Таппай алаңдап келе жатсак Жумабек көчөсүндө бир аял менен сүйлөшүп турат.
Тиги кызды дегдеңдетип сүйрөп алганбыз.
Аны көрүп эле «телефонуңду мен алган жокмун, башка бала алып кетти, сени тааныбайм»-деп кирди.
Анан аны бирибиз кармап экинчибиз милицияларга даректи айтып чуу түшүп кеттик. Көрсө кыздан саат сураптыр да, сүйрөп жөнөптүр. Мечиттин жанында кыз зордукталат деген түшүмө кирчү эмес. Уктай албай, ойлонуп чыктым. Бир эмес эки мечиттин ортосу, миллион кылмышкер болсо да Кудайдан коркоор деп спокойно жүрө берчүмүн….
Милиция келип, баарыбызды Свердлов ШИИБине алып кетти. Көрсөтмө берип коюп чыгып кеттик.
Жигиттерге рахмат, ушунчалык тез реакция берип, жетип келишти.
Улуу рамазанда, мечиттин жанында, азан айтылып атса, ата сакалы ээгине бүткөн улуу киши кызындай кызды сүйрөп калган коомдо жашап калганыма өкүндүм эхххх!!» ,-деген ал.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 34
чоң күнөөгө батыптыр. Акмактар десе өлүп эле калсачы. Жазасын алсын дагы мындайлардын бети ачылбаганы канчасы бар , биз билбеген... Азан айтылып жатса кыйкырса эч ким укпайт деп пландаган да.
Мечиттин жанында, Азан айтылып жаткан убакта деп жатат. Мындайча айтканда чаламандын чак түшүндө, ыйык мечиттин жанында болуп жатпайбы.