================
🔶️Кызыңыз 2 жашында ага өзүңүз себинген атырдан сээп, кооз көйнөк алып берип, кызыл-сары жоолук тагып, колуна жалтыр- жултур мончок алып бериңиз.
🔶️4 жашта дүкөнгө ээричиткенче барып аны менен кошо аялдарга тиешелүү буюмдарды алыңыз. Ал менен чогуу ойноңуз. Ал кыз бала экенин кошуна бала эркек экенин, кыз болуу да сонун экенин түшүндүрүңүз.
🔶️ 6-7 жашка чыкканда кошо тамак кылып, булочки ,торт жасашып аны ашканага аралаштырып үйрөтүңуз. Өзүнө фартук, пречатки , чепчик сатып бериңиз. Атасы көп мээрим төгүүсү керек, атасынан мээримге тойбогон кыз эркектин мээрими менен сүйүүнү ажырата албай, жакшы сүйлөгөн эркекти ээрчип кете берет.
🔶️ 8 жашка чыкканда ага үй иштеринен өзүнө бир милдет кошуп бериңиз. Кызыңыз менен ачык сүйлөшүңүз. Өзүңүздү сүйүп ,жолдошуңуз менен жакшы мамиледе болсоңуз эле кызыңыз сизди сыйлайт. Эрин сыйлабаган аялды балдары да сыйлабайт.
🔶️10 жашта ага түрдүү аялга тиешелүү нерселерди алып берип, сырдашып , сыр сактоону үйрөтүңүз. Кам көрүүнү, сезимтал болууну.
🔶️12 жашта кызды. Анын денесинде жакында өзгөрүү болоорун бул эң сонун белги экенин айтып. Ага кантип аялдар тазалануусу керек, кантип кам көрөт айтыңыз. Коноко кошо ээрчитип жүрүңүз.
🤦♀️❗Ал эми бизде кандай?
😔6-7 жашка чейин эркек же кыз экенин түшүнбөйт байкуш. Анан 7-8жашта бир нерсе болсо эле "сен кызсын, кыздай болсоң " деп баштайбыз. Ал билбейт кыз деген кандай , кандай болушу керек. Бул кызда аялдык сыпатты кичинесинен эле өлтүрүп коёт, кыздын денеси аял катары эмес эркектин денесиндей далысы чоң, жамбаш кичине ,түгү көп калыптана баштайт
😔8-9 жашында "сен кызсын ишти кыл, кылышың керек себеби кызсын" деп башталат. Эркек бир туугандарынын астында аны ханыша эмес үй кызматчы катары апасы өзү айтып баштайт. Апасы деле ошондой тарбияланган да, анан эмнени билмек. Анан кызда кайдагы өзунө болгон сүйүү сый? Кыз экенине өкүнүп жашайт, "эркек болуп калбай, эмнеге кыз болуп калдым" деген ойлор келет. Не осознанно эркеке атааңдаштык , өчөшүү башталат.
😔12 жашында өзгөрүүлөр болуп баштаса "ий эмчегиң чыгып калдыбы?" деп күлөт өзү кошуна пошунага кээде айтып коёт "ай бул уже чоңойду эмчеги чыгып, тили өсүп калды эрге тийгидей болуп" деп. Айызы келгенде да кыздар эмне кылышын билбейт, түрдүү таштандыда жаткан же кир кездеме коюп ооруп калышат. Жаман ойлор келип чоң стресске кабылат.
Эми баары эмес бирок көпчүлүк ушундай.
Өзүн аял катары тааныбаган аял өзүн эң алгач өзү кор кылып жол ачат, анан ал уланып кетет. "Күчтүү аял, кыйын аял" деген сөздүн артында бактысыз аял сыртынан күлүп ичинен сыздап жашайт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 23